Ашырбай Коёнкөзов мектебинде компьютерлердин аздыгынан, информатика сабагынан окуучулар үчүн практикаларда иштөөдө кыйынчылыктар туулат. Учурда компьютерлер бар, бирок көбү ишке жараксыз.
Ушундай көйгөйлөрдөн улам окуучулар китептен гана билим алуу муктаж болушат.
Бардык компьютерлерди оңдоо үчүн каражат жетпегендигин мектеп директору Калык Албанов төмөндөгүчө баяндады.
“Азыр бизде мектептеги бардык компьютерлерди оңдоого каражатыбыз жетпейт. Учурда эки гана компьютер иштеп жатат. Калган ишке жараксыз компьютерлерди оңдоо үчүн, мектепте окуучулардын 100 сомдон фондусун чогултуп жатабыз. Бардыгы чогулган соң, бул маселе да чечилет деп ойлойм”, — деди мектеп директору.
Мектеп окуучусу Айдана Молдакунова өз оюн төмөндөгүчө баяндады.
“Учурда мектепте компьютерлер жетишсиз болгондуктан, бизге көп учурда информатика сабагын китеп менен гана өтүүбүзгө туура келет. Буйурса бардык компьютерлер оңдолуп, ишке киргилип калат деп ишенем”, — деди Молдакунова.
Даярдаган: Темирлан Кыдыров
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн