Талас облусундагы Ак-Дөбө айылынын тургуну Адинай Сулумбекова Борбор Азиядагы Америка Университетин аяктаган соң, учурда ошол эле окуу жайда иштеп жатат. Азыркы жетишкен ийгиликтерине мектеп курагында ыктыярчы болгону жардам берген. Ыктыярчылык лидер болууну, иш-чараларды уюштурууну жана эл алдына эркин сүйлөй алуу сыяктуу керектүү жөндөмдөрдү бергенин айтат.
Мектептен тышкары Жаштар Борборунда ыктыярчы болуп иштеген Адинай мектеп сабактарын гана жакшы окуу жетишсиз экенин айтат. Бүгүнкү күндө окуучулар мектеп турмушу менен гана чектелбестен өздөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр Кыргызстандын бардык аймактарында Жаштар борборлору уюшулуп, жаштардын өнүгүүсү үчүн өз салымдарын кошууда. «Мен мектепте жакшы окуп, иш-чаралардан калбай катышчумун. 9-класстан баштап досторум классташтарым менен биргеликте ишембиликтерди уюштуруп турат элек. Биздин айылда анда азыркыдай мүмкүнчүлүктөр аз болчу. Ошондуктан биз өзүбүз үчүн тренингдерди уюштуруп, окуучуларга өтүп берчүбүз. Андан кийин биздин айылда «Ак-Дөбө Жаштар Борбору» ачылып калды. Бул борбордун ачылышы биз үчүн чон жаңылык болуп, ыктыярчы болом дегендер барып кошула баштадык. Бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди. Мен иш-чараларды уюштурганды, эл алдында тартынбай сүйлөөнү, лидер болууну уйрөндүм», — деп бөлүшөт Адинай.
«Ак-Дөбө Жаштар Борбору» мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергенин айткан Адинай Сулумбекова 11-классында «Жаңы Муун» академиясы тууралуу окуп калып, бул программага тапшырган. Ал чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга даярдоочу атайын программа. Кыргызстан боюнча тандалып алынган 25 окуучунун ичине кирген Адинай бир жыл Америкада акысыз билим алып келген. «Бул программага кабыл алуу этабы 2 турдан турду. Биринчи турда документтерди кабыл алуу болуп, табыштаманы тапшырдым. Андан тышкары 500 сөздөн турган мотивациондук кат жазуу чоң кыйынчылыктарды алып келди. Себеби, бул катта эмне үчүн окугуң келээри, алар сени эмнеге кабыл алышы керектигине көңүл буруп, өз оюңду жазышың керек болду. Биздин айылда компьютер жок болгондуктан, аны айылдан алыс шаарга барып, ар бир сөзүн терип жазып, баракка чыгарып жөнөтүү кыйынчылыктарды жараткан.
Андан кийин 2-тур Бишкек шаарында Борбор Азиядагы Америка Университетинде (БААУ) болду. Мында биз интерьвю бердик. Мен башында абдан корктум, андан кийин өзүмдү колго алып, буга чейин эл алдына чыгып жүргөндөй өзүмдү көргөздүм. Жыйынтыгында 25-июнда менин өткөндүгүм тууралуу чалып кабарлашты».
«Жаны муун» академиясында өзүн активдүү көргөзгөнү үчүн окууда «эң жакшы деген баага окугандар ай сайын стипендия алып турушат.
Адинай Сулумбекова даярдоо программасында өзүн мыкты көрсөткөнү үчүн БААУда окуу үчүн 95 % пайызга чейинки арзандатуу алганга жетишкен. «Мен дагы БААУда арзандатуу менен окудум. Бизде БААУда байдын гана балдары окуй алат деген сөз бар бул жаңылыш пикир. 1-курста UGRAD аттуу АКШ элчилиги тарабынан камсыздалган алмашуу (exchange) программасы аркылуу Американын «Boise State University» жогоркуу окуу жайында 1 жыл акысыз окуп келдим. Ал жакка баруу менен Американын студенттери мага абдан жакты. Себеби бардыгы өздөрүнүн максаттарын билген, келечектеги кесибин туура тандап алып, ошого жараша пландары бар экен. Бул нерсе мени абдан кубандырды. Ал эми Кыргызстанда болсо бүтүрүүчүлөр мүмкүнчүлүктөргө көп көңүл бурушпайт. Азыр көпчүлүк аймактарда жаштар үчүн борборлор бар. Ошол жерлерге бардык жакшы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калышын сунуштайм», — дейт Адинай.
Учурда БААУда эркин өнөр жана искусство бөлүмүндө программа менеджери болуп иштеп жаткан 22 жаштагы Адинай Сулумбекова жогорку окуу жайларга, чет өлкөгө тапшыруу үчүн 8-9 класстан баштап эле даярданып баштоо керектигин эскертет.
Гүлназик Шаршенова