Айтилек Каныбекова 4жылдан бери “Жаш ыктыярчылар уюмунда” жаштарды өнүктүрүү, потенциалын ачуу, лидерлик сапатын, критикалык ой-жүгүртүүсүн жогорулатуу сыяктуу жөндөмдөрдү калыптандыруу багытында иш алып барат.

“Жаштарды ыктыярчылыкка үгүттөйбүз, аларды сөзсүз түрдө ыктярчы болуп тажрыйба топтоп бул баскычтан өтүүсүн каалайбыз. Анткени адамдын көптөгөн жөндөмдөрүн, ар кандай билимин ыктыярчылык аркылуу көтөрсө болот. Мисалы эл менен, топ менен иштегенди мамиле түзүү, баарлашуу, жардамдашуу жөндөмдөрүн калыптандырууга жакшы шарт түзөт. Негизи эле мектеп, жогорку окуу жай бербеген мындай жөндөмдөрдү, тажрыйбаны ушундай уюмдардан алса болот.”

Аталган уюмга ыктыярчы болууну каалагандардын басымдуу бөлүгү мектеп окуучулары. Айтилек Каныбекова студенттердин ыктыярчылыкка аз тартуулусунун себеби кошумча акча табуу менен алек болушканы деп ойлойт. Деген менен, аталган уюмга мүчө болууну каалагандар арбын:

“Бизге бири-биренен угуп эле келишет. Көпчүлүгү жогорку класстын окуучулары. Келгендердин көбү ансыз деле активдүү, мектепте жакшы окуган тың балдар. Ошондой эле өтө жоош бул жерге келип бир нерсе үйрөнөйүн, коомго жакшылап кошулайын дегендер дагы бар. Бул аянттын дагы бир жакшы жери лидер балдар өздөрүнө окшош көз караштары бирдей мыкты балдардан дос күтүү. Жогоруда айткандай өз жөндөмдөрүн ачууну каалагандар ага жетишет аны менен катар потенциалы бар балдар андан дагы жогорку деңгээлге көтөрүлө алышат десем жаңылышпайм.”

“Ыктыярчылык дегенде бизде ар кандай кайрымдуулук иштерди аткарган, ишембиликтерди кылган адамдар катары эсептешет. Ал эми чындыгында бул кеңири түшүнүк ошол эле ыктыярчылар коомго пайдасы тийе турган эң жакшы долбоор, акцияларды уюштурган адамдар. Мисалы таштандыларды иргегенди дагы ыктыярчылар ойлоп ишке ашырган.”

“Жаш ыктыярчылар уюму” “Дилгир” аталышындагы 6 айлык лидерлерди окутуу курсун 4 жылдан бери Ысык-Көлдө уюштуруп келет. Бул убакта 90 ашык бүтүрүүчүлөрдү окутканга жетишкен. Айтилек Каныбекова окууну аяктагандар жакшы жетишкендиктерге жетип жатканын айтат:

“Биздеги 6 айлык курска 18-35жашка чейинки каалочулар келип катышат. Курсту бүткөндөргө сертификат беребиз. Ал жерде долбоор жазуу, лидерлик сапаттарын өркүндөтүү сыяктуу сабактарды алышат. Биздин окууну бүткөн жаштар жарандык позицияга ээ болуп. Коомдук иштерге активдүү катышып калышат. Айрымдар айыл өкмөттөрүнө жумушка кирип кетишет. Кээ бири жаштар менен иштеген топторду түзүп жакшы иштерди кылышат. Мунун барын биз курс пайдалуу болуптур деп билебиз”,-деп билдирди Айтилек Каныбекова.
Жаштарды өнүктүрүүчү борборлор
Айыл жаштары кандай иштерди жасай алат?
“Лидер” Жаштар клубунун филиалын өзүнүн Кош-Дөбө айылында ачкан студент кыз
Айгерим Кубатбекова