Жергиликтүү кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларды түзүп же топторго бириге алабы? Алар, топторго же фракцияларга биригүү менен кандай иштерди алып бара алат? Алдыда, «Ачык өкмөт» уктуруусун угуп, бул суроого жооп ала аласыздар.
«Айылдык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларды же топторду түзө алышабы?» — деген суроо менен жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылдык.
Бул суроого жергиликтүү кеңештин депутаты Урмат Алыпсатаров төмөнкүдөй билдирди:

Урмат Алыпсатаров: «Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды түзө алышпайт. Туруктуу жана убактылуу комиссияларды түзүшөт».
Айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңеште депутаттык фракцияларды түзүүгө укугу жок. Анткен менен айылдык кеңештин депутаттары биргелешип иштөө үчүн өз ара макулдашуу менен ыйгарым укуктарды жүзөөгө ашыруу боюнча депутаттык топторго бириге алышат. Түзүлгөн топ айылдык кеңеште каттодон өтөт. Топтун курамына кирген өкүлдөр топтун жетекчисин шайлашат.
Теманын алкагында суроого жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов төмөнкүдөй жооп айтты:

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов
Нурдасан Кулматов: “Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды түзө алышпайт. Фракциялар жогорку жана шаардык кеңеште түзүлөт. Алар партиялык көпчүлүк менен шайланат. Ал эми жергиликтүү кеңеште депутаттык туруктуу жана убактылуу комиссиялар түзүлөт. Биздин жергиликтүү кеңеште төрт туруктуу комиссия иш алып барат. Алар социалдык, админстративдик, бюджеттик жана айыл чарба боюнча комиссиялар”.
Туруктуу комиссияларга жергиликтүү кеңештин ишинде өзгөчө роль жүктөлөт. Аларсыз айылдык кеңеш өзүнүн отурумдарында маселелерди кароого укугу жок. Демек айылдык кеңеште депутаттык фракциялар эмес туруктуу жана убактылуу комиссиялар иш алып барат.
Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды же топторду түзө алышабы
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Азиза Тамчиева
Аудио: Эмне үчүн жергиликтүү кеңештин депутатына эмгек акы төлөнбөйт?