Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Мамадалы Мамбетов кесиби боюнча сүрөтчү. Ошондой болсо дагы инкубатор апараттарын, чөп чабуучу машина сыяктуу тиричилик жумуштарын жеңилдетүүчү ойлоп табууларды ишке ашырууну жактырат. Жөжө чыгаруучу апараттар кантип жасалган, эмнеси менен пайдалуу алдыда кенен айтып беребиз.

Мамадали Мамбетов былтыр пандемия учурунда жакындарынын суранычы боюнча өз алдынча жасап көргөн. Ал аппарат башкаларды дагы кызыктырып атайын буйрутма берип жасатууну каалагандар көбөйдү:

“Былтыр карантин учурунда эжем жасап бер деп калды. Аны интернеттен көрүп эле жасап көрдүм. Чыгарып көрсөк жакшы жыйынтык көрсөттү мындан кийин эле башкалар дагы буйрутма берип жасап сатып калдым. Адам кызыкса кайдан болсо дагы үйрөнүп, жасай алат.”
Алгач инкубатор апараттарын жасап баштаганда 80 жумуртка чыкканга ыңгайлашса, учурда 168 жумуртка үчүн жасалган. Мамадали Мамбетов апараттарды сатып алгандар өздөрүн гана камсыздабастан, жөжөлөрдү дагы сатып жатышканын белгилеп өттү:
“Алгач жасаганда ичине аз көлөмдөгү жумуртка батчу эми аны чоңойтук. Ошондой эле башында ар бир жумуртканы кол менен оодарып чыксак азыр жарым автоматташты бир латок жумуртканы бир эле айландыра алат.”
Жогоруда белгилегендей айыл жеринде өздөрүнүн тоокторунун жумурткасынан жөжө бастырууну каалагандар арбын. Мамадалы Мамбетов инкубатор аппараттарын жасоочу шаймандарды Жалал-Абад жана Бишкектен алдырат. Алдыда кымыз жасоочу аппарат жасаганын аны эми сынап көрүү гана калганын айтты.
Айгерим Кубатбекова