Кесип тандоо- алысты көрө билген жаштарга тиешелүү. Дал ошол жаштар келечекте эмгек рыногунда кайсы адистиктерге суроо-талап көп болоорун ойлонушуп, келечекте кандай кесиптин ээси болуу керектиги тууралуу кам көрүшөт.
Азыркы абалда жумушчу кесиптер эмгек рыногунда көп суроо-талапка ээ болуп келет.
Жыл сайын кесиптик окуу жайлар 25 миң абитуриенттерди кабыл алышат. Аларды окутуу 80–90 адистик боюнча жүргүзүлөт. Адистиктерине байланыштуу кесиби менен жумушка орношкондордун саны 40–70%, ал эми 30%дан ашууну жогорку окуу жайларга тапшырышат.
Бизнес-коомчулук көптөн бери эле кесиптик билим берүүчүлөргө ар түрдүү тармактагы адистер керек экенин айтып келишет.
Өзгөчө бул алыскы аймактарда актуалдуу, себеби ал жактардагы адистер жакшы жашоо издеп чет жакка чыгып кетишкен.
Экономика өнүккөн жакта жумушчулар керек экенин жашоо көрсөттү. Жыгач усталар, куруучулар, мрамор коючулар, малярлар, электриктер, ширеткичтер, сантехникатер жана башка кесип ээлери бүгүн көп суроо-талапка ээ.
Турсун Омуралиева