Бала тарбиялоо көпчүлүк ата-энелерди ойго салат. Адистер баланы зордук-зомбулуксуз тарбиялоо манилүү экенин айтышат. Ошол эле учурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак балдар зордук-зомбулукка үй-бүлөсүндө туш келет экен. Мындан улам бала тарбиясында эмнелерге көнүл буруу зарыл аларга кантип туура багыт көрсөтүү керек?
Көпчүлүк ата-энелер дагы балдарга тарбия берүүдө мүчүлүштүктөр кетип жатканын моюндап, аларга жетишээрлик көңүл бура албай жатышканын айтышат. Бул масени чечүү максатында “Балдарды коргоо борбору” ата-энелер үчүн атайын окууларды өткөрүп келишет. Аталган борбордун социалдык кызматкери Акыл Мурадылов ириде балдарды жакшы көрүп, мээрим төгүү маанилүү экенин айтат:
Ал эми психолог Назира Жакыпова азыркы балдар өзгөчө экенин белгилеп, аларга туура багыт берүү маанилүү экенин айтат. Кандайдыр бир чектөө же тыюу кылып жатканда аларда суроо калбагандай кылып түшүндүрсө жакшы кабыл алышарын белгилейт.
“Негизи баланы видео камера деп элестетүүбүз керек. Ал бардык көргөн билгендерин кадр сыяктуу топтой берет. Кийин чоңойгондо эле анын кулк мүнөзү, иш аракеттери асмандан түшө калган эмес мурда эмнени көрдү, эмнеден таасирленди, улуулардан эмнени көргөн алар жасаган болсо демек туура деп кабыл алып бала аны жасап кете берет. Ошондуктан баланы тарбиялайм деп убара болбо, сен өзүңдү тарбияла бала сенин аркаңдан ээрчийт деген нерсе бар.”
Деген менен, психолог балага кандайдыр бир деңгээлде колдоо көрсөтүү менен чектөөлөрдун болгону туура деп эсептейт. Анткени ашыкча эркиндик берип коюу менен бала өзү каалаган нерсени кылганга өтөт дагы кийин ага карата айтылган сындарды кабыл алуусу кыйынга турат. Мунун натыйжасында эрке талтаң бала болуп калуу коркунучу бар. Аны менен катар өтө көп чектөө, тыюуларда өскөн бала дагы өзүнүн потенциалын көрсөтө албай, түнт балага айлануусу мүмкүн.
“ Бала алгачкы тарбияны үй-бүлөдөн алгандыктан ошол жердеги туура журүм турум эрежелери, көндүмдөр маанилүү.Үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине болгон мамилеси мисалы жалган айтпоо, сый урмат көрсөтүү, өзүн баалоо сыяктуу нерселер балада жаш кезинен калыптанат. Ошол эле учурда балабыздын чөйрөсүнө дагы көңүл буруу зарыл. Себеби үйдөн жакшы тарбия берген болсок деле ал чөйрөсүнөн туура эмес нерселерди көрүп жүргөн болсо ага тартылуусу мүмкүн.”
39 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келген Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылынын география жана социалдык мугалими Ороз Саадабаев бала менен ата-эненин ортосунда интервал болбогондо гана түшүнбөстүктөр жаралбай маселе оңой чечилерин айтат.
“Кээ бир ата – энелер күч менен кадыр баркка ээ болгусу келет. Менин балдарым тартиптүү дегиси келип муштум аркылуу ага жетишет. Мындай учурда бала жалтак , мокок болуп кийин деле өзүнүн оюн кенен билдире албай калат. Кийин өз алдынча жашарда эркиндикке чыккандай болуп мындайча айтканда чынжырдан кое бергендей эле болушат. Мындан улам жаман иштерге кириптер болуп, туура эмес чөйрөгө кошулуп, чектен чыгып кетүүсү толук мүмкүн. Ошондой эле айрым ата-энелер балдар менен эсептешип аларга ар кандай талаптарды коюп башташат. Мисалы сен жакшы окусаң, мындай кылсаң тигиндей кылсаң муну алып берем, тигини алып берем деп алар менен соодалашып сатып алгандай элес калтырышат. Мындай учурда дагы балдардын талаптары жогорулап баштайт. Эмне жасаса анын жообун күтө берет. Ал эми чыныгы кадыр баркка жетиш үчун ар дайым баланы угуп, анын сунуштарына көңүл коюу маанилүү. Азыркы балдар китеп көп окубай жатышпайбы, китептен эле көп тарбия алса болот.Эң негизгиси үй-бүлөлүк маселерди чечүүдө “сен эмне билесиң, ары турчу”-деген мамиле болбошу керек. Тескерисинче алардын ой-пикирин угуп, маани берсе бала өзүн маанилүү сезсе жакшы деп эсептейм.”
3 жаштан кийин кеч болот же бала тарбиялоого 9 кеңеш
Бала жана акча: Балага акчаны акылдуу башкарууну үйрөтүңүз
Айгерим Кубатбекова