Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мусуралиева орто мектебинде Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун окуучулары арасында изилдөө иши, англис тилде дил баян жазуу жана математика сабактары боюнча сынык болуп өттү. Сынак Ага Хан фонду тарабынан уюштурулуп, жалпы 30га жакын окуучу катышты.

Коомдогу көйгөйлөрдү изилдөө тапшырмасы боюнча Атбашылык окуучулардын 1-тобу “Кыргызстандын өспүрүмдөрү 21-кылымда” деген теманын негизинде интернеттеги “Көк кит” оюнун, 2-тобу Ак-Муз айылындагы Боогачы суусунун экологиясын изилдөө иштерин алып келишкен.
Ал эми Актаалык окуучулар “Тамекинин зыяны жана анын курамы” деген темада изилдешип, көрүүчүлөргө жактап беришти.
Дил баян жазууда окуучулар берилген темалар боюнча англис тилинде жазышса, математика сабагынан текшерүү иш алынды.
Уюштуруучулардан турган калыстардын чечими менен изилдөө иштери боюнча 1-3-орунду Атбашылык, 2-орунду Акталаанын Ш.Бейшеналиев атындагы мектебинин окуучулары камсыз кылышты.
Дил баян жазуу боюнча 1-2-орунга Ш.Бейшеналиев мектебинин, 3-орунга Атбашылык окуучулары ээ болду. Математика сабагы боюнча 1-3-орунга Атбашылык, 2-орунга Акталаалык окуучулар татыктуу болду. Алдынкы орундарга ээ болгон окуучулар Нарында өтүүчү облустук сынакка катышат. Аталган сынакка фонддун жер-жердеги мугалимдери даярдап алып келишкен.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира