Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин “Мектеп театры” облустук турга 10-март күнү катышып келишти. Сынакка алты мектеп катышып, бирок Манас мектебинин окуучулары республикалык баскычка өтпөй калышты.
Манас орто мектебинин жаш актёрлору 10-март күнү республикалык деңгээлде өтүлүүчү “Мектеп театры” аттуу сынактын облустук туруна катышышты. Сынакка үч шаардын жана үч райондун мектептери өздөрү даярдап келген спектаклдерин көрсөтүштү.
Бул тууралу Манас орто мектебинин театр жетекчиси Салия Жороева буларды айтты.

“Биз “Манастын уулу Семетей” драмасын жободогу берилген критерийлерге жооп бергидей кылып 14 окуучуну даярдап бардык. Спектаклди балдар мен ойлогондон да жогорку денгээлде аткарышты. Калыстар тобу да эң жогорку бааларды беришти да, республикалык турга жолдомону жободогу талапка жооп беришпесе да, Баткен районунун Кара-Бак айылынын Б.Нарматов атындагы орто мектебинен келген окуучуларга берип коюшту. Көрүүчүлөр жыйынтык туура эмес чыгарылды Манас атындагы орто мектебинин окуучулары жогорку денгээлде аткарышты деп, биздин балдарга жакшы сөздөрүн айтып кайтышты”, — деди ал.

Манас мектебинде окуган жаш актёр Арзыбек Каразаков да калыстардын чыгарган чечимине макул эмес экенин айтат.

“Мугалимдерибиз сахнадагы жүрүм-турумубузга, сүйлөгөн сөзүбүзгө, кийген кийимибизге кылдаттык менен карап, сахнага алып чыгышты. Биз да бардык аракетибизди жумшап, спектаклди жогорку денгээлде аткара алдык. Калыстар тобу Баткенден болгондуктан жердешчилик болду деп ойлойм. Себеби 1-орунду алган мектептин спектаклинин акыры жыйынтыкталбай калды. Муну эң орчундуу ката деп эсептеймин”, — деди Арзыбек.
Окуучулардын жол киреси менен тамак-ашын Сумбула айыл өкмөтү каржылап берген. Сынак Баткен облустук А.Жайнаков атындагы драм теартрында өткөрүлдү. Бул иш чара 2017-жыл «Ыйман, адеп жана мананият жылынын» алкагында өттү.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн