Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтү бюджетти бөлүштүрүү боюнча сессия өткөрдү. Сессияга жергиликтүү кеңештин депуттары, коомдук уюмдар, мекеме жетекчилери катышты.
Учкун айылдык кеңешиндеги депутаттардын төрагасы Эсен Исмаиловдун билдиришинче, сессияда айыл аймагындагы Учкун жана Куланак айылдарынын бир жылдык бюджети бекитилген. Ошондой эле жайыт комитети менен малдарга бирка басуу маселелери да каралган.
“Андан сырткары суроо талаптар, адеп-ыйман, маданият жылына карата айылыбыздын маданият үйүн каржылоо. Бул маселелерди чечтик, эми аткарышыбыз керек”, — деп билдирди Исмаилов.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Фархат Абдыжакыповдун айтымында, жайыт боюнча маалымат аз болуп калгандыктан бул маселе кийинкиге калтырылган.
“Бюджеттин долбоору боюнча бекитип берип, социалдык тармактар жана айыл-өкмөтү өзүнүн тиешелүү кызматтарын аткарып берет деген ишенимдемин. Мисалга алсак, бул жакта социалдык тармактар боюнча узатылган суроолорго каражаттарын алып жатышат, айыл-өкмөтүнүн өзүнүн бюджетинин коргоо боюнча маселелер чечилди”, — деди айылдык депутат Абдыжакыпов.
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун Мамырбаев жайыт маселеси боюнча талкуу кийинки жумада өтөөрүн билдирди. Анүчүн биринчи жайыт комитети жана бухгалтери отчетун берсе талкуулап чечим чыгарылаарын айтат Мамырбаев.

«Болгон каражатты, болгон тармакка, социалдык тармакка, мектепке, клубга, бала-бакчага баарына жеткидей кылып бөлүнүп берилди. 2016- жылдын пландан ашкан акчасы жана 2017-жылдын бюджети толук бекилди», — деп билдирди Учкун айыл аймагынын башчысы Мамырбаев.

Учкун айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Кыдырмаевдин айтымында, Учкун айыл өкмөтүнүн жыл башындагы акча каражаты 1 миллион 300 миң сом болгон. Мунун ичинен 450 миң сомду айыл өкмөтүнүн башкы кеңсесине капиталдык ремонту үчүн өздүк салымга коюлган.
«80 миң сомду Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебине кезектеги ремонту үчүн, 170 миң сомду Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебине кезектеги ремонту үчүн жана башка социалдык тармактарга бөлүндү. Ал эми 2017-жылдын бюджети 6 миллион 300 сом. Аны менен аппарат, маданият кызматкерлеринин эмгек акысы, социалдык төлөмдөр жана ошондой эле Учкун айыл өкмөтүнүн бюджеттик мекемелеринин электр энергиясы, бала-бакчалардын тамак-ашы, 2017-2018-жылга от жагуу сезонуна карата көмүр менен камсыздалды”, — деп токтолду Кыдырмаев.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн