Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуучулардын жана педагогдордун коопсуздугун камсыздоо максатында №43-Кесиптик лицейде окуу процессин уюштуруу жана мамлекеттик сынактарды өткөрүүдө санитардык эрежелер сакталууда.
Коронавирус инфекциясын (COVID-19) алдын алуу үчүн пандемия шартында лицейдин жетекчиси, кызматкерлери илдеттин жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо эрежелерин иштеп чыгышкан.
Лицейде коопсуз билим берүү шарттарын (үзгүлтүксүз дезинфекциялоо, санитайзерлерди, жеке коргонуу каражаттарын ж.б.) камсыз кылуу боюнча чараларды көрүп билим берүү сапатын үзгүлтүккө учуратууга жол берилген жок. Учурда лицейде COVID-19 илдетине чалдыккандар каттала элек.
Мугалимдер тарабынан окуучуларга санитардык ченемдерди сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүшүп сынактар өткөрүлүп жатат. Кесиптик билим алууну көздөгөн окуучулар айтылган талаптарды так аткарып сынактарды тапшырууга аракеттенүүдө.
№43 Кесиптик лицейдин окуу тарбия бөлүмү боюнча директордун орун басары Абдихофис Бердигуловдун айтуусу боюнча:
№43 Кесиптик ли цейдин окуу тарбия бөлүмү бонча директордун орун басары; Абдихофис Бердигулов. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо үчүн шарттарды түзүп бердик.
• Лицейде дезинфекция иштерин жүргүзүү,
• Ички ажатканаларды иштетүү,
• Кол жуугуч, тепловизор, окуу корпусунун кире беришин хлордонгон килемче менен камсыздоо,
• Гигиеналык жана антисептикалык каражаттар менен камсыздоо.
• Ар бир классты өзүнчө окуу бөлмө менен камсыздоо.
• Окуучулардын топтолуш мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн кошумча кирүү жана чыгуу эшиктерин колдонууну камсыздоо.
• Күнүгө сабактар бүткөндөн кийин окуу корпусун, окуучулардын ордун дезинфекциялоо.
• Санитардык талаптарды аткаруу ашканаларды, идиш аяктарды дезинфекциялоого, аралыкты сактоого шарттарды түзүү.
• Күнүгө бардык окуучулардын, лицейдин кызматкерлеринин дене табын текшерип туруу, атайын журналга каттоо.
• Лицейге мугалимдер жамаатынан жана окуучулардан тышкары башка адамдарды киргизүүнү чектөө.
• Лицейге кирип-чыккан адамдарды каттоого алуу.
Окуу процессин уюштуруу боюнча аткарылган иштер төмөндөгүчө жүрүп жатат.
• Окуучу лицейге келгенде дене табынын көрсөткүчүн ѳлчѳѳ, атайын журналга жазуу.
• Окуучуларды аралыкты сактоо менен окуу кабинетине коштоо, (1,5-2 метр) шахмат түрдѳ отургузуу.
• Окуучуларга танапис учурунда сакталуучу эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
• Аралыкты сактоо.
• Танапис учурунда кабинеттерди желдетүү.
Ашпозчу кесибинин окуучусу Айдай Жаныбекова:
Айдай Жаныбекова
«Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү ири ийгиликтерди багындарам деген жаштар кандай гана кыйынчылыктар болбосун билим алуу үчүн бардык ыңгайсыздыктардын жолун табат. Пандемияны шылтоо кылып дистанттык окутуу учурунда сабактан артта калдым дегендер да бар.
Экзаманге даярдык
Дистанттык окутууда көпчүлүк учурда үйдө болуп, эшикке чыкпай калышың мүмкүн. Ошондуктан ден соолукка, туура тамактанууга, таза абада дем алууга көңүл буруш керек экен. Убакытты туура колдоно билген адам дайыма утушта болот. Себеби, пандемия күчөгөн шартта достор менен болгон байланышыбыз да онлайн платформаларда ишке ашып калган. Талкуулар, пикир алышуулар, өнүгүү, кошумча билим алуу боюнча ар кандай платформаларга катышканга аракет кылдык. Көп жаштар бош убактыларын интернетте өткөрүштү.
Мен ал учурда маалыматтык сабаттуулук боюнча вебинарларга катыштым. Сынчыл ой жүгүртүү, фейктерди аныктоо эмне экенин билдим. Зарыл маалыматтарды таба билип, факты менен фейкти ажырата билүү маанилүү экен. Терс маалыматтар көңүлүңдү чөктүрүп, позитивдүү маалыматтар өнүгүүңө өбөлгө түзөт дегенге эми ынандым. Ошол учурда алган билимим жемишин берип сабактардан эң жакшы деген баага жетишип сынактан оңой өтүп жатам».
Студент: «Пандемияда мектепти онлайн аяктап, ЖОЖго да онлайн окудук»
Турсун Омуралиева