Ак-Талаа районунун 12 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо 8-июнда башталат.
Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа райондук өкүлчүлүгү билдирген маалыматка таянсак, 12 айылда айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлгөн.
Эми бул айылдардын айыл өкмөт башчыларын шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө убакыттары белгиленген.
— 8-июнь күнү Баетов айыл өкмөт башчысы,
— 9-июнь күнү Жаңы-Талап жана Кызыл-Белес айыл өкмөт башчылары,
— 10-июнь күнү Кош-Дөбө жана Жерге-Тал айыл өкмөт башчылары,
— 11-июнь күнү Үгүт жана Ак-Тал айыл өкмөт башчылары,
— 12-июнь күнү Ак-Чий жана Терек айыл өкмөт башчылары,
— 14-июнь күнү Коңорчок жана Кара-Бүргөн айыл өкмөт башчылары,
— 15-июнь күнү Көк-Жар айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөрүлөт.
Барчын Мамытбекова