Талас шаарынын патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниниги Байыш Аширбеков кышта көп айдочуулар жайкы дөңгөлөктөрү менен жүрүшкөнүн билдирди.
“Азыркы убакытта бизде жол кырсыгын азайтуу максатында рейддер жүрүп жатат. Жана айдочуулар менен түшүндүрүү иштерин өткөзүп жатабыз”, — деп билдирди Аширбеков.
Жалпысынан 2017-жылдын 11 ай ичинде Таласта 94 жол кырсыгы катталып, 25 адам каза табып, 87 адам жаракат алды.
Жол коопсуздук көзөмөлдөгөн кызмат кырсыктардын көбү катуу ылдамдыктан жана жол эрежелерин сактабагандан келип чыгарын айтып келүүдө.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова