Ковид илдети өнөкөт оорус бар адамдар үчүн кооптуу экени белгилүү болгон. Вирустан каза болгондордун 80% өнөкөт оорусу бар экендиги маалым. Кыргызстанда жүрөк кан-тамыр, кант диабети, муун оорулары, кан басымдын жогору болгон өнөкөт оорудан жабыркагандар кеңири. Аймактарда абал кандай?
Сокулук районунун Жал айылынын тургуну Латипа Жуманалиева кант диабети менен жабыркап келет. Ковид-19 өнөкөт оорусу бар жана жашы улгайып калгандар үчүн кооптуу экенин угуп эмдөөдөн өткөнү турат:
“Мен биздин аймактын дарыгерлер тобунун кызматын көрүп турам. Өзүм экинчи группадагы кант диабети менен ооруйм. Дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн. Азыркы COVID учурунда улам- улам дарыгерлердин байкоосунан өтүүдөмүн. Ковид илдети менен күрөшүүдө бир гана жолу бар, ал эмдөөдөн өтүү деп мааалыматтар менен таанышмын. Ден- соолуктун кепилдиги үчүн вакцинация алуу керек деген ойдомун”.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун дарыгери Майрам Токтомамбет кызы айтылып жаткан санитардык эрежелерди өзгөчө өнөкөт оорусу бар адамдар көңүл буруп аткаруусу зарыл экенин айтат:
“Эгерде өнөкөт оорусу барлар коронавирусту жугузуп алса, оору оор түрдө өтөт. Өмүрүнө коркунуч туудурат. Андыктан мындай адамдар обочолонуу эл көп жерге барбай туруу сунушталат. Санитардык эрежелерди так сактап, иммунитетти дагы чыңдоолору зарыл. Булар калктын аярлуу катмарына киришет.”
Жалал-Абад облусунун Казарман айылынын тургуну Бурул Абдыразакова пневмония менен апрель айында ооруп айыккан. Бирок оорудан кийин организм калыбына келүү узакка созуларын айтып, азыркыга чейин ар кайсы жери ооруп жатканын билдирди:
“Бишкек шаарына барып дарыланып келдим. Бирок, азыр деле бир күнү кулагым, бутум, тамагым ооруп калып жатат. Вирус организмде жүрө берет окшойт. Андыктан ден-соолугубуз өз колубузда бет кап тагынып, эл чогулган жерге барбай өзүбүздү сактайлы”.
Ковид менен ооруп айыккандардын дээрлик көпчулүгү илдеттен кийин ден-соолугу жакшы болбой жатканын айтып жатышат. Адистер дагы коронавирус менен ооругандар же илдеттен айыгып чыккандар арасында муун ооруларына туш болгондор көбөйгөнүн айтышат. Кадимки муун ооруларынан айырмаланып мында шишик, дене табынын көтөрүлүшү байкалбайт. Бирок, оору байтаптын тынчын алып оорутуп жатат. Кененирээк бул жерден окусаңыз болот. Дарыгер: Ковидден кийин муун ооруга чалдыккандар көбөйдү Ал эми адам ооругандан кийин тез эле сакайып мурдагы калыбына келүүсү мүмкүн эмес экенин дарыгерлер айтышат. Ковидден кийин ден-соолукту кантип калыбына келтирсе болот?
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Гүлжамал Сыдыкова ковид менен ооругандан кийин баш оорусуна көп чалдыгып жаткандыгын айтат:
“Өзүмдү алсыз сезип, башым каттуу ооруп жаткандыгынан Суусамыр ооруканасына кайрылып анализ тапшырдым. Жыйынтыгында коронавирус илдеттине кабылгандыгым аныкталды. Ар кандай күчтүү дары дармектерди алып жаттым. Бирок алсырап, башымдын катуу оорусу басаңдаган жок. 14 күн элдер менен аралашпай, аралыкты сактап жаттым. Үйдүн ичин бат-баттан желдетип, тазалап, социалдык эрежелерди сактап жаттым. Учурда абалым жакшырып баратат, бирок башымдын оорусу дагы деле бар. Организмимди калыбына келтирүү үчүн болгон аракетимди жумшап жатам”.
Аталган айыл аймагынын тез жардам бөлүмүнүн медайымы Алмаш Сыдыкова COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдын кан басымы жогору болсо мурдагыдай калыбына келүүсү кыйынчылык жаратарын айтат. Оорудан айыккандан кийин деле кан басымдын бир калыпта болуусуна жарым жылдай убакыт кетет:
“COVID-19 вирусу өнөкөт ооруларды кайрадан күчөтүү коркунучу бар. Коронавирус көбүнчө жүрөк ооруларын, кант диабетти, грыжа, бөйрөк ооруларын козгойт. Илдеттен айыккандан кийин өнөкөт ооруларды калыбына келтирүү үчүн күчтүү тамактар менен тамактануу, витаминдүү жер-жемиштерди жеш керек. Мындан тышкары витаминдерди алып ичүү керек. Булар коронавирустан кийин организмди калыбына келтирүүгө жардамдарын берет деген ишеничтемин”.
Иммунитетти кантип бекемдөө керектигин бул жерден билип алыңыз: Иммунитетти кантип бекемдөө керек?
Айгерим Кубатбекова
Пандемия аймактардагы ишкерлерге кандай таасир этти?
Баалардын өсүүсү аймактагыларды түйшүккө салды
Аймактарда эмдөө иштери кандай жүрүп жатат?