Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтө элек №43 Кесиптик лицейи, Жаңы-Жер орто мектеп комплекси жана “Алтын балалык” бала бакчасынын кызматкерлери эмдөөгө тартылды.
Айрым мугалимдердин айтуусу боюнча, төмөндөгү Кытай вакцинасы милдеттүү түрдө алынууда. Педагогдордун арасында вакцина алуудан ачык баш тарткандар да жок эмес.
Гүлмира Бикиева: «Мен №43 Кесиптик лицейде көп жылдан бери эмгектенемин. Мен вакцина алуудан баш тарттым. Себеби, көп жылдан бери кант диабети менен ооруймун. Болбосо алмакмын. Биздин лицейде иштеген мугалим-мастерлердин көбү вакцина алышты. Айрым гана мугалимдер белгилүү себептерден улам ала алган жокпуз. Ар бир адам өз ден-соолугун ойлосо алыш керек.
Жакында Жаңы-Жер айыл өкмөт башчысы Мирлан Джекшенов, айылдагы №43 кесиптик лицейдин жалпы жамаатына вакцина алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатта жыйын өттү. Ал жыйында Мирлан Джекшенов:
“Мен жеке өзүм айылдагы пандемия шарттарын сакталуусун көзөмөлдөө үчүн, келечек муундарыбыздын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, мугалимдердин ден-соолугу биз үчүн маанилүү экенин түшүндүрүү үчүн бул жерге келдим. Биз эч ким мажбурлоого акыбыз жок. Бирок түшүндүрүү биздин милдет. Учурда интернет булактарынан вакцинага каршы ар кандай фейк маалыматтар таралууда. Карасаң билимдүү эле адамдар ошол жалган маалыматтарга ишенип алып вакцина алуудан баш тартышууда. Ал эми өз ден- соолугуна кайдыгер болбогондор вакцина алып жатышат. Мен өзүм айылда биринчилерден болуп вакцина алдым. Себеби, мага да ден-соолук керек”, — деп баса белгиледи.
Абдихофис Бердигулов: «Мындан бир жыл мурун дүйнөнү каптаган COVID-19 илдети бир катар жагдайларды өзгөрттү. Адамдын өлүмүнө алып келген илдет жолунда турган туруштуктарды талкалап, өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп келе жатат. Канчалаган адамдарды, туугандарды, тааныштарды жоготтук. Ага карабастан илимпоздор тарабынан ооруну жеңүүнүн айла-амалдары табылууда. Вируска каршы вакциналар биринин артынан бири чыгууда. Вакцина алгандардан терс таасири билиндиби же жокбу билбеймин. Менин өнөкөт аллергиям бар, бир эле ошондон кабатыр болуп турам. Эгер терс таасирлери билинбесе анда алуу кажет. Буга чейин деле вакциналар элди оорудан сактап келген. Коронавирус менен ооруп өмүрүбүздү тобокелге салганча алыш керек.»
Зейнеп Бекбоева: “Качанга чейин адамдар аралыкты сактап, этияттап жүрөбүз? Качанкыга чейин балдарыбыз кадимкидей партада олтуруп окуйт? 2019-жылдан бери мугалим мастерлер аралыктан окутуп иштедик. Бирок баары бир жогорку деңгээлде сабак бере албайт экенбиз. Мен “Ашпозчу-кондитер” кесибине окутамын. Элестетип көргүлө лабараторияда жалгыз өзүм телефондун камерасын коюп алып үйдө отурган окуучуларыма практикалык сабакта өзүм менен өзүм сүйлөнүп торт жасаймын. Окуучулар өз көздөрү менен көрүп жанымда туруп үйрөнүшсө жакшы да. Айла жоктун иши болду. Аралыктан окутуудан окуучулар да мугалим-мастерлер да тажадык. Кадимки жашообузду кайтаруунун жолу- вакцина алуу. Дүйнө элдери жан талашып алып жатышат. Калп маалыматтарды тараткандар, “дене табы жогору болуп, көз жумат экен, эки жылдан кийин каза болуп калышат экен” деп айтышат. Мен өзүм алдым, жашап жатам. Эң негизгиси, үй-бүлөмдү ойлодум. Аларга ооруну мен эле жугузушум мүмкүн. Себеби күнүгө канча адам менен жолугамын. Анткени, менин жумушум ушундай.»
“Мугалимдер эле вакцина алса, окуучу үйүнө келгенде эмделбеген ата-энеси кандай болот? Эмнеге мугалимдерди эле эмдөөдөн өткөрүшүүдө? Жэ окуучуларга жана анын ата-энелерин эмдөөгө чакырыктар болбойбу?” -деп айтылып жаткан 0й-пикирлерге, Жаңы-Жер айылдык ооруканасында эмгек сиңирген медайым Эркинбүбү Абийрова жооп төмөнкүчө берди;
“Ошондуктан, мугалимдерди эле эмдебей, жалпы айыл эли алуусу керек. Коомдун ден-соолугуна бир эле мугалимдер жооптуу эмес да. Айылдык ооруканада канчадан бери эмдөө жүрүп жатат. Каалоочулар барып алса болот. Тилекке каршы көпчүлүк ар кандай жалган маалыматка ишенип алышууда. Маалыматка караганда, алынып жаткан Кытай вакцинасынын даанасы 97 долларга туура келет дешет. Азыркы учурда акысыз болуп жаткан “антивирус”, акылуу болуп калсачы. Элибиз ушуну түшүнө билишсе жакшы болмок.”
Эскерте кетсек, ден-соолугу себеп вакцина алууга мүмкүн болбогон жарандар бар. Эмделүүчү алгач медицина көзөмөлүнөн өтөт. Учурда, ден-соолугу чың, кан басымы нормадагы жарандар алып жатышат.
Турсун Омуралиева