Бүгүнкү күндө заман талабына ылайык баарыбызда уюлдук телефон бар. Андагы келген маалыматтардын чын-төгүнүн билбей туруп, башкаларга тез бөлүшүүгө шашабыз. Акыркы күндөрү өлкөдө башталган эмдөө иш-чарасына фейк маалыматтардын тез тарашынын кесепетинен айыл тургундары вакцина алуудан баш тартышууда.
Кочкор районунун Төлөк айылындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Гүлбара Жакебаева менен «Фейк маалыматтардын таралышы вакцинациялоо ишине кандай тоскоол болууда?» деген теманын үстүндө маектештик.
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык.
-Өлкөдө Ковид-19 илдети күчөп, Төлөк айылында да ооругандар болду, элдин ден- соолугуна көп кам көрүп жүрөсүз, өзүӊүздүн ден- соолугуӊуз жакшыбы?
-Рахмат, ден соолугум жакшы. Өткөндө бир аз сыркоолодум, бирок өзүбүздү унутуп калып эле элдин ден соолугуна кам көрүүнү уланта берет экенбиз да.
-Бүгүнкү күндө Төлөк айылында оору басаӊдап калдыбы?
Ооба, Ковид-19 илдети басаӊдап кайта түштү. Бир нече убактан бери ырас каттала элек. Айылыбыз кичинекей болгон менен оорулардын саны 28ге жетти. Калктын саны менен тегеректегенде бул сан көп эле болуп калды.
-Вакцина алуу иши кандай өтүүдө?
-Вакцина алуунун экинчи этабы жүрүп жатат. Айыл элинин аз эле бөлүгү вакцина алышты.
-Айтсаӊыз айыл эли эмне үчүн толук вакцина албай жатат?
-Вакцина алууда, бизге фейк маалыматтар аябай тоскоол болууда. Телевизорго караганда адамдар телефонду көп колдонушат экен. Ал эми ошол телефондон фейк маалыматтар тез тарап, ага элдер ишенип, вакцина алуудан баш тартышууда.
-Сиздер ал маалыматтар фейк экендигин элдерге кантип түшүндүрүп жатасыздар?
-Биз телевизордон вакцина тууралуу жакшы маалыматтарды көрүүгө чакырып жатабыз, андан сырткары айыл элине атайын вакцина жөнүндөгү колдонмолорду (брошюра) таратып үйлөрүнө чейин бардык. Жайлоолорго барып элдерге вакцинанын зыяны жок экенин түшүндүрүп келдик.
-Сиздер берген маалыматтардан кийин, өз каалоосу менен келип вакцина сайдыргандар болдубу?
-Ооба, айрымдары келип сайдырып кетип жатышат.
-Айыл элине дагы кандай кошумча маалымат бере кетет элеңиз?
-Айыл тургундарын вакцина алууга чакырат элем. Биз вакцинаны канча көп адам алсак, оорунун таралуу жолу ошончо жай болот. Эгерде, ооруну жуктуруп алган болсок, коркунучу жок жеӊил өтөт эле. Андан сырткары, фейк маалыматтарга ишенбегиле жана ошол фейк маалыматтарды элди дүрбөлөӊгө салып таратпагыла дейт элем.
Бурул Майрамбек кызы