COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө көбүнчө кандай маалыматтар тоскоолдук жаратып жатат? Бул суроого Суусамыр айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына сурамжылоо жүргүздүк.
Суусамыр айылдык оорукананын врач ординатору Керемет Жакутбекова көбүнчө элдер вакцина тууралуу жалган маалыматка ишенип жатышкандыгын билдирди:
«Элдердин көп вакцина албай жаткандыгынын себеби, эмдөө тууралуу түшүндүрүү иштери азыраак болуп жатат. Элдерге көбүнчө вакцина тууралуу интернетте тараган фейк маалматтар биринчи жетип жатат. Карапайым калк фейк маалыматтарга ишенип, вакцина алууну четке кагып коюшууда».
Ошондой эле Керемет Жакутбекова «Синофарм» вакцинасын алган элдерде эч кандай реакция байкалбагандыгын билдирди.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Жанат Турсунбаев айылда вакцина боюнча тастыкталбаган маалыматтар көп тарап жаткандыгын айтат:
«Мен дагы бул жайда COVID-19 илдети менен күрөштүм. Азыр абалым жакшы. Ковидден коргонуу чараларын колубуздан келгенче кылып жатабыз. Интернет айдыңында вакцина боюнча тастыкталбаган маалыматтар көп тарап жатат. Эмдөө тууралуу так маалыматтын жетишсиздиги элди түйшөлтөт».
Суусамыр айылынын тургуну, тиш дарыгер Алмазбек Бийсеев элди вакцина боюнча фейк маалыматтардын курмандыгы болуп калбоого чакырат:
«Азыркы учурда вакцина темасы актуалдуу болуп жаткандыктан, көп эмдөө боюнча жалган мааламаттар тарап жатат. Интернет айдыңында тараган жалган маалыматтардын курмандыгы болбой, вакцина боюнча дарыгерлерден кеңеш алсак жакшы болот деп ойлойм. Баардыгыңыздарды ден-соолугуңуздар үчүн вакцина алганга чакырып кетем».
Суусамыр айылынын тургуну, студент Нуркыз Асанканова маалыматтарга сын көз караш менен карай тургандыгын айтты:
“Учурда мессенджерлерден COVID-19 илдетинен тышкары дагы көп жалган маалыматтар тарайт. Көп учурда элдер фейк маалыматтын курмандыгы болуп калышат. Мен жалган маалыматтарга маани бербегенге аракет кылам. Мындан тышкары маалыматтарды ишеничтүү гана булактардан окуйм”.
Айдана Токтобекова