Өлкөдөгү эпидемиялык абалын туруксуздугу билим берүү тармагына терс таасирин тийгизди. Былтыр окуучулар пандемияга байланыштуу мектепке барбастан онлайн билим алышты. Быйылкы жылы окуу жылдын башталышы саттуу түрдө болору так айтыла элек дейт мектеп директору.
К. Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин директору Азамат Кашкариев окуу жылы кайсы форматта башталаары белгисиз экендигин айтты:
«Август айында Жайыл райондук билим берүү бөлүмү, министирликтин буйругунун негизинде, буйрук чыгарып мектептердин мүдүрлөрүнө конференция өткөрүлөт. Бул жыйында окуунун кандай форматта башталары, өзгөрүүлөр тууралуу айтылат.
Эгерде салттуу окуу улантылбай онлайн окуй турган болсок былтыркы алгоритмдин негизинде эле иш алып барабыз. Ал эми салттуу түрдө окуй турган болсок ковидке каршы эрежелерди кармап беткап, антсептик, аралыкты сактап окутууну улантабыз.
Биз жашаган аймакта эпидемиялык кырдаал туруксуз болгондуктан салтанаттуу тизимдер, маданий иш-чаралар токтотулат».
Суусамыр орто мектебинин 8-класснын окуучусу Эркин Намазбеков онлайн окутуу кыйынчылык жараткандыгын айтат:
«Онлайн окутууда бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Сабактарга телефондун бирдиги жок болуп калса кире албай каласын. Жаңы темаларды дагы түшүнүү оор. Ал эми офлайн форматта окусак бизге кыйла женил болмок».
“Быйыл окуу 15-сентябрда башталат деп айтылып жатат. Менин окууга даярдыгым жакшы. Мен мектепке барып салттуу түрдө окууну каалайм. Анткени онлайн окуттууда көп нерсени түшүнбөй каласың. Салттуу түрдө окууда мугалим эже агайлар менен байланыш жакшы болуп, жаңы темаларды түшүнүү жеңил болот деп ойлойм”,-дейт Асема Шерматова.
Суусамыр орто мектебинин 8-классынын окуучусу Назар Токтобеков офлайн окуу сабактарды түшүнүүгө кыйла жеңил экендигин төмөндөгүчө айтат:
«Бул жылы салттуу түрдө окуйбуз деген ишенимим чоң. Окуу жакындаса мектепке тийиштүү буюмдарды алып даярдана баштайм. Мектепке барып окусаң сабактарды түшүнүш кыйла жеңил. Мугалимди, досторуңду көрүп алар менен баарлашкан дагы жакшы».
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Бактыгуль Козубекова балдарымдын мектепке барып билим алганы маанилүү экендигин билдирди;
“Окуу жыл кандай форматта болору белгисиз болгондуктан, мектепке мурдагыдай даярдык көрбөй калдык. Быйылкы окуу жылы салттуу түрдө башталса каршы эмесмин. Болгону беткап, аралыкты сактап окушса дейм. Ал эми оору жугуп калуу коркунучу тынчсыздандырбай койбойт. Бирок балдарымдын мектепке барып билим алуусу маанилүүрөк”.
Айдана Токтобекова