Коронавирус оорусунун вакцинасы пайда болору менен социалдык тармактарда вакцинанын зыяндуулугу, «Вакцина алган адамда чип» бар, «Ийне сайылган жерге магнит жабышат» деген маалыматтар көп кездешүүдө. Элетте мындай маалыматтарды көргөн, окуган адамдар вакцина алуудан түздөн-түз баш тартышууда.
Ал эми дал ушундай маалыматтар чындыкка дал келеби же элди дүрбөлөңгө салуучу фейк маалыматтардын катарындабы? Бул тууралуу айыл тургундары төмөнкүлөрдү билдиришти:
“Мен Курманбек Асеков 70 жаштамын. Эми Алла таала адам баласын ден- соолук берип жараткан. Негизи бардык эле нерсе ден- соолукка келип такалат экен. Жер шары, дүйнө жүзү боюнча элдин баары коронавирус оорусу менен ооруп жатат. Азыркы медицина тармагы бир кыйла алдыда болгондуктан, коронавирустун вакцинасы иштелип чыкты. Ар бир адамга өз ден- соолугу баалуу, ага кам көрүп, оорубайын деп жашашы керек. Мына биз өзүбүздүн каалообуз менен эле вакцина алдык. Алгач медайымдар биздин үйгө келип, вакцина алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти. Үй-бүлөбүз менен вакцина алууну туура көрдүк. Телефонума ар кандай терс маалыматтар келип жатты. Бирок аларга ишенген жокмун, себеби, ал маалыматтарды эч ким тастыктап бере албайт. Жайында тоого барып эс алып келдик. Биздин медиктер жана башка айылдын да медперсоналдары тоодогу жашоочуларды медициналык кароодон өткөрүп, эмдөө иштерин жасап жатышты. Медайымдардын вакцина алуу боюнча туура түшүндүрүү иштери жүргүзүшкөндүктөн жайлоодогу жашоочулар да макулдугун берип, эмдөөдөн өтүшкөнүнө күбө болдум”,- дейт Курманбек Асеков.
Жекшенкүл Бейшенбиева: “Мен вакцинанын биринчисин алгам, эми 21 күндөн кийин экинчисин алууга барам. Вакцинаны өз каалоом менен эле алдым. Алгандан кийин бир аз башым ооруду, азыр жакшымын. Медайымдар айыл элине байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Вакцина алгандан кийин 100 % оорубайбыз дегенден алысмын, бирок медайымдардын айтымында 70-80% организимди коргойт экен. Вакцинаны деле атайын окумуштуулар изилдеп, иштеп чыгып анан эмдөөгө уруксат беришет да, ватсаптан келген вакцинанын зыяны тийет, чип бар деген видеолорго, жазууларга ишенбейм. Адамдар ар түркүн болот, ар кимдин ою ар башка. Жеке эле коронавирустун вакцинасына эмес кадимки дарыларга деле аллергия болуп, ооруканаларга түшкөндөр болот. Ар бир адамдын организмине дарылар ар башка таасирин тийгизет, адамдын организминин кабыл алуусу да ар башка болушу мүмкүн.”
Ал эми атын атагысы келбеген айыл тургуну ватсаптагы группалардан келген вакцина тууралуу терс маалыматтарга ишенип келген. Туугандары коронавирус оорусу менен ооруп калганда, алардын ооруну оор өткөрүп жатышканына кубө болгондон кийин эмдөөдөн өтүүнү чечкен. Бирок дагы деле магнит жабышат, чип сайылат деген маалыматтан коркуп, биринчи эмдөөдөн өтөрү менен магнитти ийне сайылган жерге коюп көргөн. Магнит жабышпай калганын көрүп, бул маалымат жалган экенин өзүнө түшүнө алган жана да өзүнүн тааныштарына бул тууралуу айтып, жалган маалыматтарга ишене бербөөнү сунуштайт. Азыркы убакта экинчи эмдөөнү күтүп жаткан учуру.
“Биз башкы дарыгер менен биргеликте айыл эли үчүн коронавируска каршы вакцина алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Айыл тургундары өз каалоолору менен келип алып жатышат. Азыркы учурда вакцина алган адамдардын саны 200гө жетип калды. Өнөкөт оорулары бар адамдар башкы дарыгердин көзөмөлүндө гана эмдөөдөн өтүшөт. Кээ бирлери ооруканага келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо үйлөрүнө барып эмдөөдөн өткөрүп келебиз. Көбүнчө элдер ватсаптан келген магнит жабышат, чип болот экен деген сыяктуу маалыматтарга ишенип баш тартышууда. Эми биз колубуздан келишинче эмдөөдөн өткөн пайдалуу экендигин туура түшүндүрүп берүүгө аракет кылып жатабыз”,- дейт медайым Бактыгүл Алиева.
Акылай Алмазбекова