Азыркы тапта ар бир жарандын колунда заманбап уюлдук телефон бар. Ар бирибиздин интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүбүз кенен. Интернет желесинде бизге пайдалуу маалыматтардан башка, зыяндуу маалыматтар да жайгашкан. Алар адамдын психологиясына терс таасирин тийгизип, керек болсо бизди башкарып алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Мисалы, акыркы убактарда вакцина тууралуу кеңири тараган фейк маалыматтарды айтсак болот.
Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан Сыдык Үркүнчиев атындагы № 11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы-дарыгер Асанбүбү Садыковага жана айыл тургундарына «Ковид-19 илдети менен күрөшүүдө кандай маалыматтар тоскоол болуп жатат?» деген суроо менен кайрылып сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Асанбүбү Садыкова-дарыгер
Асанбүбү Садыкова: «Айыл тургундарына эмдөө жүргүзүүдө көп тоскоолдуктарга учурадык. Себеби алар социалдык тармактарда тараган жалган маалыматтарга ишенип вакцина алуудан баш тартышты. Алсак, вакцина алган адам эки жылдан кийин өлүп же тукумсуз болуп калат экен, чип коёт деген сыяктуу калп маалыматтарга ишенип алышкан. Эмдөө алган адамдарда вакцинадан кийинки белгилер болот. Мисалы чыйрыгат, дене табы көтөрүлөт, башы ооруйт, кээ бир адамдар муну ковид менен ооруп калдым деп түшүнүшөт. Бул туура эмес. Жалган маалымат тараткан адамдарды тийиштүү органдар жоопко тартса жакшы болмок деп ойлойм. Үйлөрдү кыдырып эмдөө жүргүзгөндө да жаман көрүштү. Көрсөтмө боюнча 70% айыл тургундары эмдөөдөн өтүш керек болсо, учурда 30 % гана жаран эмдөөдөн өттү. Анткени айыл тургундарынын көпчүлүгү фейк маалыматтарга ишенип, эмдөөдөн баш тартышты».
Талгат Орозбактиев
Талгат Орозбактиев, айыл тургуну. Ал учурда такси айдоочусу: «Ушул айылдын тургунумун. 49 жаштамын. Такси айдайм, жүргүнчүлөрдү ташыйм. Мага ар кандай адамдар түшөт, арасында ооруп калгандарын ооруканага чейин жеткирем. Азырынча вакцина ала элекмин. Жакын адамдарым албай эле кой деп кеңеш берип жатышат. Анын үстүнө интернеттеги вакцина тууралуу маалыматтарга ишенип атам, балким чын болуп калсачы. Бирок жакын арада вакцина алсамбы деп ойлонуп атам».
Замира Мөндүрбаева
Замира Мөндүрбаева, үй кожойкеси: «42 жаштамын. Эч жерде иштебейм. Кичинекей балам менен үйдөмүн. Карыган атам бар, аны багам. Мен дагы интернеттеги маалыматтарга ишенип келгем. Мисалы, чип сайып койот экен, кытайлар башкарат экен, эки эле жыл жашайт экенсиң жана башка ушул сыяктуу кабарлар башыбызды айлантып келди. Кошуналардын да таасири абдан чоң болот экен, алар да ушуга чейин айнытып келишкен. Бирок буга чейин вакцина алгандар жакшы эле жүргөнүн көрүп жана үй-бүлөмдүн коопсуздугун сактоо максатында эмдөөдөн өтөйүн деп бүгүн ФАПка келдим».
Алмаз Исагулов
Алмаз Исагулов, айдоочу: «46 жаштамын. Кесибим айдоочу. Мурда маалыматтын баарын телевизордон алсак, азыр элдин баары эле маалыматты телефондон алышат. Телевизордогу жаңылыктарды аз көрүп калдык. Мен деле эл сыяктуу жаңылыктар менен телефондон таанышам, андагы маалыматтар 90% чын деп эсептейм. Үй-бүлө мүчөлөрүмдөн эч ким эмдөөдөн өтө элек, өзүм дагы өтөйүн деген оюм жок, себеби интернеттеги вакцина тууралуу маалыматтарга ишенем».
Жалган маалыматтар тез тарап жана ага жергиликтүүлөр бат ишенишет
Бакыт Кожокматов