Сары-Булуң айыл өкмөтү, Кара-Суу аялдар кеңеши менен биргеликте 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата социалдык жактан муктаж, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар чакырылып, майрамдык маанай тартууланды.


Мындан сырткары айыл өкмөт тарабынан айылдын социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн «Ардак грамоталары» жана акчалай белектер тапшырылды.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди.

Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары
Даярдаган: Анара Мааметова