5-март Ак калпак күнү маданият үйүнүн алдында белгиленди. Бул күндүн урматына райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары ак калпагын башына кийип, борбордун көчөлөрүндө ураан чакырыктар менен жөө жүрүш өткөрүштү.


Тогуз-Торо районунун борборунун көчөлөрү


А.Сыдыков атындагы маданият үйү
Майрамдык салтанатка райондук администрация башчысынын орун басары Гүлжамал Султангазиева билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талант Сабыркановдор ак калпак күнү менен куттукташты.

Сүрөттө: Тогуз-Торо райондук администрация башчысынын орун басары Гүлжамал Султангазиева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, ички иштер болумунун башчысы Талант Сабырканов, райондук клубдун башчысы Азим Ясынов
Мындан сырткары окуучулар тарабынан даярдалган концерт тартууланды.
Даярдаган: Жазгүл Машаева