“Агро Айым – Агро Жаштар” долбоору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашат. Катышуучулар айыл чарбасындагы өз бизнес-ыкмаларын жана башкаруу тажрыйбаларын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат. Долбоордун ийгиликтүү катышуучулары үчүн агро ишканалар менен соода байланышын түзүү жана агробизнестеги алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү максатында Өзбекстанга баруу уюштурулат.
“Агро Айым – Агро Жаштар” долбоору USAIDдин «Агросоода» долбоорунун колдоосу менен ишке ашып жатат. Ага 55 жашка чейинки аялдар жана 35 жашка чейин жаштар (мырзалар) катыша алат. “SheStarts «Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Айзаада Усупова долбоорго катышууну үчүн каалагандарда эң негизгиси жаңы билимдерди алганга аны колдонууга каалоосу болуш керек:
“Бизде айыл чарбасы өнүккөн жана өнүгүп жатат. Калктын 65% айыл жеринде жашайт. Алардын 90% жер үлүшү, мал чарбачылыгы бар. Агро бизнесин өнүктүрүү үчүн жаңы билимдер, маалыматтар жетишпейт. Андыктан биздин катышуучуларга айыл чарба тармагындагы мыкты эксперттер, агробизнестин ээлери жана бизнес-эксперттер өздөрүнүн тажрыйбалары жана ыкмалары менен бөлүшүшөт. Ал эми онлайн-тренингди ийгиликтүү аяктаган жана тренингден кийинки тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку балл алган 40 катышуучу үчүн 10 эксперт-насаатчынын жетекчилиги астында эки айлык насаатчылык программасы уюштурулат.”
Өзгөчө түштүк жеринде потенциал жогору, мөмө жемиштер көп өсөт, жылына 3 ирет түшүм алган жерлер бар. Бул долбоор экинчи ирет өткөнү жатат. Долбоорлордун координатору Махабат Жакеева былтыр 70 катышуучуну камтый алышса, быйыл 210 ишкер катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун айтат:
“Былтыркы жылкы жетишкендик катары 25 продукция пайда болгонун айтсак болот. Жаңы карым-катнаштар, келишимдер көбөйгөн. 14%га сатуу иштери көбөйгөн. Бул жылы дагы жакшы идеяларды күтөбүз. Агро сектордо IT инструменттердин жетишкендиктерин пайдалануу менен сатуу иштерин көбөйтүүдө, сатуу иштерин жакшыртууда же жаңы продукцияны иштеп чыгууда пайдалануу. Билдирме калтыруу мөөнөтү 25-сентябрга чейин.
Анкетаны бул жерден толтуруңуз.
Суроолор боюнча 0706 706 922 номуру аркылуу байланышыңыздар. Долбоордун кеңешчи-координатору Бердибаева Жыпаргүл кайрылса болот.
Айгерим Кубатбекова