Бүгүн, 13-сентябрда төрт максаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү Академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү менен биргеликте , ЮНИСЕФ Балдар Фондунун каржылык колдоосу менен гендердик теңчилик маселелери боюнча GALS (Gender Action Learning System) практикалык окутуу системасын изилдей башташты.
Бул методология Кыргызстанда мурда ийгиликтүү сыноодон өткөн жана гендердик зомбулук жана теңсиздик көйгөйлөрүнө карата мамилени жана көз карашты өзгөртүүдө өзүнүн натыйжаларын көрсөткөн.
Тренингдин жүрүшүндө гендердик теңчилик маселелерин балдар менен иштөөгө интеграциялоо максатында эксперттердин колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдор тобу «Балалык» окуу методикалык комплексинин сабактарын жана оюндарын, ошондой эле балдар үчүн гендердик сезимтал чыгармалардын жыйнагын түзүүнү карап чыгышат.
Тренинг мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдорунун гендердик сезимталдыгын жогорулатууга жана гендердик теңчиликтин негизинде алардын баалуулуктарын жана жүрүм-турумун калыптандырууга багытталган.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мектепке чейинки билим берүү саясаты башкармалыгынын башчысы Касымова Нурзида өз сөзүндө: «Мектепке чейинки билим берүү системасына гендердик аспектилерди комплекстүү киргизүү боюнча мындай тажрыйба биринчи жолу болуп жатат. Натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө гендердик теңчилик маселелерин андан ары илгерилетүү максатында гендердик теңчилик маселелерине карата жеке мамилени жана көз карашты өзгөртүү аркылуу иш алып баруу биз үчүн маанилүү» — деди.
Мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперттер Гүлмира Расулова жана Бермет Асанбаева тренингдерди үч этапта: 13-сентябрдан 14-сентябрга чейин, 3-ноябрдан 4-ноябрга чейин жана 17-18-январга чейин өткөрүшөт.
Гендердик сезимтал мамилелерди изилдөө менен бирге педагогдор “Балалык” окуу-методикалык комплексинин кайра каралып чыккан конспектилерин даярдашат, ошондой эле Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн тең укуктуулугун илгерилетүү максатында бала бакчанын деңгээлинде конспектилерди апробациядан өткөрүшөт.