Айпери Болотжанова жарым жылдан бери Жапонияда билим алып келет. Бала кезинен тарта Америкада окууну кыялданганы менен, Күн Чыгыш өлкөсүндө окуу тууралуу ойлонбоптурмун деген мекендешибиз, аталган өлкө тууралуу kyrgyzmedia менен маектешти. Киотону — Ош шаарындай кабыл алган Айпери, тажабай окуткан мугалимдер, Жапониядагы система жана сый мамиле тууралуу кеп кылды.