«Шартсыз ишканада иштөөгө мажбурбуз» дейт Алмаз Ибраимов.
Ооган-Талаа айылындагы оорукананын эскилиги жетип, урап калгандыктан, оорукана бузулуп, ордуна жаңы ооркананынпайдубалы тургузулду. Ал эми мурдагы оорукананын ичиндеги бөлүмдөр айылдын бош имараттарына убактылуу көчүрүлгөн.
«Оорукана бузулат дегенде бизди ар кайсы бош имартаттарга жайгаштырышты. Биринчиден биз азыр маданият үйүндөгү чакан бөлмөдө шарты жок жерде иштеп жатабыз. Экинчиден, бул жер суук болгондуктан, атайын мештер менен жылытабыз. Бөлмөнүн ичи таар болгондуктан үч тиш дарыгери бир жердебиз. Албетте, бизге ыңгайсыз. Бирок, элдин кызматындагы дарыгер болгондуктан, шартка карабай ооруп келген ар бир оорулууну дарылоого даярбыз. Буйруса, жаңы оорукана бүтүп калса, жаркыраган, заманбап ооруканада иштеп калабыз деп ишенебиз», -деди Алмаз Ибраимов.
Даярдаган: Жылдыз Ильясова