Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга койгон. Анда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат кол койгону айтылган. Эксперттер, саясатчылар жана юристтер Конституциянын жаңы долбоору демократия принциптерине дал келбей тургандыгына токтолду.
Айрым саясатчылар жана экперттер Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгышты
18-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтына 80 депутат кол койгон Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуу боюнча мыйзам долбоору жайгаштырылган.
Ошол эле күнү Европа кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы “Кыргызстандын учурдагы парламентинин конституциялык реформаны жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок” деген бүтүмүн жарыялаган.
20-ноябрда бир катар саясатчылар, алардын арасында алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон кандидаттар, юристтер жана эксперттер “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” форумуна катышты. Форумдун уюштуруучуларынын бири Динара Ошурахунова иш-чарага Садыр Жапаров жана жаңы баш мыйзамдын авторлору деп болжолдонгон адамдар да чакырылганын билдирди.
Учурдагы Жогорку Кеңеш өзү мыйзамдуу эмес деген эксперт жана юрист Сания Токтогазиева, сексен депутат кол коюп колдогон Конституциялык реформа абсолюттук түрдө мыйзамдуу жана легитимдүү эмес экенин белгиледи.
“Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы конституциялык реформа эмес, өзгөртүүлөрдү да киргизүүгө укугу жок. Анткени, Жогорку Кеңештин бул чакырылышы өздөрүнүн мөөнөтүн Конституциянын негизги принциптерин одоно бузуу менен узартып алды. Алардын мөөнөтү 28-октябрда аяктаган. Экинчиден, Венециялык коммисия белгилегендей, алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштагы парламент шайланганга чейин иштей алат. Бирок, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүктөн, ага кандайдыр бир чукул чараларды белгилеп – дайындоого, болгондо дагы конституциялык реформаларды бекитүүгө уруксат берилбейт. Азыр Конституция толугу менен алмаштырылып жатат. 114-берене боюнча Конституцияга биз бир гана өзгөртүүлөрдү киргизе алабыз. Бирок, бул Баш мыйзамды өзгөртүү процесстерине дал келбейт. Ал эми айтылып жаткан Конституция жаңы долбоору – бул коомго таңулоо. Биз жабык түрдө жүзөгө ашкан Конституциянын долбоорун билип жатабыз. Анын учурда автору ким экени да белгисиз болууда. Анда, цензура, авториторизм орун алган».
ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев 28-октябрда парламенттин таркабай, ишин улантып келе жаткандыгын төмөндөгүчө токтолду.
«Биринчи сөзүм бүгүнкү “чимкириктер” деп аталган парламентти коргоп бир нече ой пикирим бөлүшкүм келет. Бүгүн Кыргызстан экономикалык, эпидемиологиялык гана эмес эмес, терең саясий кризисте турат. Эгер парламент 28-октябрда өзүнүн ыйгарым укуктуулугун токтотсо, өлкөдө парламент дагы, президент дагы жок болмок. 10-январда президенттик шайлоо чыр-чатак менен коштолсо ким жооптуу болмок. Ошондон улам, парламенттик шайлоо кийинкиге жылдырылды. Бул мыйзам Венециялык комиссиянын мыйзамына карама-каршы келбейт. Мындай практика башка өлкөлөрдө да бар. Мындан улам, бүгүнкү парламент мыйзамсыз отурат дегенге мен каршымын. Кыргызстанда, болуп жаткан бардык оош-кыйыштар ушул парламенттин тушунда өтүүдө. Мындай парламент Кыргызстандын тарыхында болбоптур. Акыркы парламент авторитетин түшүрдү».
Экс-президент Роза Отунбаева коронавирус илдети менен күрөшүү ордуна баш мыйзамды жаңылоого аракет кылуу орунсуз экенин белгиледи.
“Эки күн мурун биздин тынчтыгыбыз бузулду. Эл аралык коомчулук бизди карап жатат. Биз жөнүндө жазып жатат. Кыргызстандын бюджети эл аралык донорлор эсебинен толукталаарын Садыр Жапаровдун өкмөтүнө эскертип кетким келет. Бүгүн ал каражаттар пандемия учурунда Кыргызстанга абдан зарыл. Азыркы бийлик абдан тобокелчиликке барып жатат. Мен бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп жаткан пандемия, коронавирус жөнүндө талкуу кылбай, миграция маселелерин карабай жаңы баш мыйзамды талкуулап жатканыбызга кейип жатам. Бүгүн күн бою биз жаңы конституцияны жазгандар эмне үчүн туура эмес экендигин айгинелейбиз».
Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 19-ноябрда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын сын-пикирине жооп берди. Социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланган кайрылууда Жапаров “2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн жазылып, элдин аталган укуктарын чектеп койгон” деп билдирген.
«Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциясында жана андан кийин өзгөртүү, толуктоолору менен кабыл алынган Конституциялардын редакцияларында Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынат деп так жазылган эле. Ошону менен өлкө эгемендигинин ээси болгон жалпы кыргыз элине мамлекеттик маанидеги олуттуу маселелерди чечүү мумкүнчүлүгү берилген. Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон. Тактап айтканда, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакытта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган».
Добуш бериңиз: Шайлоо кайра өткөрүлсө COVID-19 жуктургандардын саны кескин көбөйүшү мүмкүнбү?
Касиет Кубанычбек кызы