Кыргызстанда Орозо айт 21-апрель, жума күнү белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы билдирген.
Өлкөдө орозо 23-мартта башталган, ал эми орозо 20-апрельге чейин кармалып, 21-апрель күнү айт намазы окулуп, мусулмандардын айт майрамы башталган.

Ал эми Чүй облусуна караштуу Восточный айылы 22-апрелде айтты белгилешип, 23-апрельде кайра ооз бекитип орозо кармашкан. Буга себеп айылдык имамдын билдирүүсү боюнча орозону бир күн кеч кармап калышкан. Бул айылда айтты 3 күн майрамдашат. Ошого байланыштуу бүгүн 24-апрелде айыл тургундары кайрадан көчөмө көчө кыдырып айтташууда.

Айта кетсек, бул айылда жалпысынан кавказ улутундагы эл жашайт. Салт боюнча бүгүнкү күнү эркектер айтташууда. Аялдар болсо клелген конокторду тосуу менен алек болушат. Бирок алардын айтуусу боюнча 25-апрель күнү аялдар айттамакчы.
Турсун Омуралиева