“Ичине таруу айланбайт”, “өз киндигин өзү кесүү”, “эне сүтү оозунан кете элек” же “чил боор” деген сөздөрдү уктуңуз беле? Адатта, адамдын оозунан чыккан сөз, анын билимин, жашоого болгон ой-жүгүртүүсүн, айлана-чөйрөгө, өзүнө болгон мамилесин айгинелейт. Көпчүлүк учурда, сөздүн кунун билгендер миң сөз ордуна бирди колдонуп, үлгү болуп келишет. Анда сиздерге эл ичинде бири-бирине айкалышкан сөздөр менен бүтүндөй ойду элестүү, таамай, образдуу кылып жеткирген сөздөрдү тест түрүндө сунуштайбыз.