Коронавируска байланыштуу жарандары үйүндө отурган өлкөлөрдө үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирип, зомбулукту токтотууга чакырды. Ошондой эле ЖК депутаты Гулшат Асылбашева, бийлик бүгүнкү кырдаалда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан аялдардын абалын унутпашы керектигин билдирип, аялына кордук көрсөткөн кишини 15 суткага чейин камакка алууну сунуштады. Коомдук уюмдар карантинде үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу кайрылуулар көп болуп жатканын билдирди.