Айылдагы конуш эли мурда сууну жер алдынан алып кыйналган болсо, эми азыр ыңгайлуу шартта суу чоргосунан ала башташты
Жаңы конуштун тургуну Лариса Кендирбаева үй алдына жакын жайгашкан таза суунун канчалык пайдасы бар экендигин төмөнкүчө билдирди.
«Биз үчүн абдан жакшы пайдасы тийди. Мындан 7-8 жыл мурун токойдон алып ичкен болсок, мына эми азыр калонка орнотулду. Эл дагы жакшы пайдаланат деген ойдомун», — деди Кендирбаева.
Жаңы конуштун дагы бир жашоочусу Асел Абдыева буга чейин таза суу сарамжал колдонулбаганын, азыр жакшы шарт түзүлгөнүнө токтолду.
«Мен жаңы конушта 2001-жылдан бери жашап келе жатам. Биз суу алганда калонка жок болчу, шланга аркылуу суу чыгып, эртеден кечке агып тура берчү, жерлер суу болуп, аларды балдар булгап, балдарды сууга жибергенде суу болушуп ыңгайсыз абал жаралчу. Кышкысын тоңуп, акпай калган учурлар да болгон. Ал эми жакында калонкалар орнотулуп, ыңгайлуу болуп, сууну керек болгон учурда гана алып калдык», — дейт Абдыева Асел.
Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов жаңы конуштка жалпысынан он суу чоргосу орнотулганын билдирди.
«Бул ишке «Өнүктүрүү институту» каржылык жардам көрсөттү. Ал проектиден жаңы конушка суу түтүктөрү тартылган. Андан соң 10 калонка орнотулуп, азыр ишке киргизилип, эл пайдаланып жатат. Түтүндүн саны 120 болсо, анын баардыгы таза суу менен камсыз болушту», — деди Албанов.
Токтоян айылыны жаңы конушун таза суу чорголору менен камсыздоого 1 млн 300 миң сом кеткен.
Даярдаган: Гулянда Ибраева