Чүй облусуна караштуу Жал айылында англис тилин үйрөнүүчү курстар жок. Англис тилине кызыккан окуучу жаш балдар Бишкек шаарына барып, окуп келишет. Күнүгө барып келүү кээ бир окуучулар үчүн кыйынчылык жаратса, кээ бир окуучулар пайда болгон тоскоолдуктарга карабастан англис тил сабагына болгон кызыгуусун токтотпой курска барып турушат.
Урмат Тимур уулу айылдагы Рустамбек Мамыралиев атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу, ал англис тил сабагына аябай кызыгат.
«Биздин айылда атайын курстар жок болгондуктан, Бишкек шаарына барып окуп келчүмүн. Бирок жол абдан алыс болгондуктан курстарга бара албай калдым. Биздин айылда атайы окутуу курстары болсо жакшы болоор эле» — дейт Тимур уулу.
Рустамбек Мамыралиев орто мектебинде англис тил сабагы жумасына эки ирет гана өтүлөт. Окуучулардын айтымында өтүлгөн сааттар абдан эле жетишсиз жана кошумча сааттар кээде өтүлсө кээде өтүлбөй да калат. Ошондуктан окуучулар кошумча сабактарды Бишкек шаарынан окуп келүүгө мажбур.
Бердибек Карытбеков аталган мектептин 6-классында окуйт. Жаштайынан англис тил сабагына абдан кызыгат, ошондуктан тереңдеп окуш үчүн Бишкек шаарына барып келет.
«Биздин айылдан Бишкек шаарына барып окуйм, бирок кээде жетишпей кечигип да калам. Үйгө да кеч келген күндөрүм болот», — деди Бердибек.
Балдарынын билимин жогорулатып, атайын акы төлөнүүчү курстарга балдарын берип окутканга кээ бир ата-энелер дагы макул болушат. Болгону андай курстар айылда болсо жаш окуучу балдарга ыңгайлуу болоорун дагы ата-энелер айтышат.
«Менин кызым 5-класста окуйт, бул сабактан сабагы начар болгондуктан Бишкек шаарындагы курстарга берем. Эгерде айылда тил курстары арзаныраак ачылса, биздин балдарыбыз үчүн жакшы болмок», — дейт Жалдын тургуну Чынара Дүйшөналиева.
Ал эми бул тууралуу Рустамбек Мамыралиев атындагы орто мектептин директору Султаналиева Динара буларды билдирди:
«Силер көтөрүп жаткан маселе абдан эле көйгөйлүү, бирок биздин мектепте англис тил сабактары өтүлөт, ошого карабастан кээ бир окуучулар Бишкек шаарына барышып атайы англис тил курстарына катышып, окуп келишет. Албетте, бул окуучуларга кыйынчылыктарды туудурат. Бул маселени мен мектептин мугалимдери менен кеңешип, бир чара көрүүгө аракет кылабыз», — деди Динара Султаналиева.
Даярдаган: Азамат Кубанычбек уулу