Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак жана Могол айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө «Маалыматтык компания өткөрүүнүн механизмдери» аттуу тренинг өткөрүлдү. Максаты социалдык баракчалар аркылуу айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн элге жеткирүү болгон.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:

Ооган-Талаа айылында болуп өткөн окутуу учуру
Тренингде айыл өкмөт кызматкерлери
• маалыматтык компаниянын каналдары жана инструменттери
• баракчалар аркылуу айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн элге жеткирүү
• социалдык тармактар менен маалымат жайылтуу деген темалар менен таанышып чыгышты.

Махира Каримбекова, мугалим: «Мен үчүн окутуу кызыктуу болду. Анткени пресс-релиз деп көп укчумун. Бирок, анын маанилүүлүгүн билчү эмес экенмин».

Жергиликтүү кеңештин депутаты Жамийла Байкожоева
Айылдык кеңештин депутаты Жамийла Байкожоева: «Мурун маани бербеген нерселерди билип алдым. Мага жакты. Көп темалар камтылды. Мисалы: пресс-релиз жазуу, пресс-конференция өтүүнүн эрежелери боюнча маалымат алдык.Үйрөнгөн нерселерибиз айыл өкмөт кызматкерлерине, студенттерге, жалпы эле элге да керек экен. Анткени алар көптөгөн нерселерди айтсаң чечмелеп бере алышпайт. Ушундай маалыматтарды бизге берип, үйрөтүп турса биздин ой-жүгүртүүбүз өсөт. Ой жүгүртүүбүз өссө бир нерсени талдап, тактап калабыз. Ушундай окуулар болуп турса жакшы болмок».
«Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун адиси Абдымиталип Мамытов: «Тренинг «Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу башкармалыгы аркылуу Хельветас, Өнүктүрүү саясат институту жана «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда»,-деп белгилеп өттү.

«Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун адиси Абдымиталип Мамытов
«Тренингде айыл өкмөт кызматкерлери маалымат компаниянын каналдары жана инструменттеринен тарта маалыматты жайылтуу деген темаларга чейин таанышып чыгышты. Биз ишенебиз ушул тренингде үйрөнгөн нерселерин айыл өкмөт кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары өз ишинде ишке ашырышат»-деди Мамытов.

Окууда ар түрдүү, жалпы айыл өкмөт кызматкерлерин кызыктырган суроолор берилди
Ооган-Талаа айылынын тургуну Таалай Кошалиев: «Хельветас» жана «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду уюштурган окуудан өттүк. Фейк маалыматтарды аныктоону үйрөндүк. Сайттар менен иштеп, социалдык баракчаларды колдонууну үйрөндүк. Бул окууда биз кызыккан суроолорду бердик жана өзүбүзгө керектүү маалыматтарды алдык».

Ооган-Талаа айылынын тургуну Таалай Кошалиев
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Айчүрөк Уланбек кызы тренинг башка тренингдерге окшобогонун жана жөнөкөй тилде, татаал терминдерсиз өтүлгөнүн айтты.
«Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды социалдык баракчаларга жайылтуу, конференцияларды уюштуруу, пресс-релиз жазууну үйрөндүк. Мен ойлойм биздин өкмөттүн кызматкерлери үчүн да пайдалуу болду. Натыйжада көптөгөн жетишкендиктерге жетебиз деп ойлойм».
Тимурлан Мелисбеков