Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн жылдык кирешеси 7 млн 767 миң сом. Ал эми айыл өкмөттүн жалпы бюджетинин 25% жергиликтүү салыктар түзөт. Айыл өкмөттүн бюджети кайсы багыттарга коротулат?
Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин абалы тууралуу айыл өкмөт башчы Улукбек Шапиевге кайрылдык.
“Бюджеттин акчасын 9 айдын жыйынтыгы менен бардыгын социалдык объектилерге жумшап жатабыз. Кыштан жакшы чыгып кетишибиз керек”, — дейт айыл өкмөт башчы.
Жергиликтүү кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча комиссиясынын мүчөсү Нургүл Абдикаримованын айтымында 29-октябрда сессия болуп, анда 9 айдын жыйынтыгы чыккан. Сессияда бюджеттин кайсы багыттарга жумшалгандыгы боюнча айыл өкмөт тарабынан отчёт берилген.
“Бөлүнгөн акчаны туура пайдаланууну биринчи маселе кылып койдук. Себеби, акчалар бөлүнөт. Бирок, көпчүлүгүнүн жыйынтыгы жок болуп жатат. Ага тендердик комиссияны күнөөлөп коюшту. Айыл өкмөттүн жалпы кирешеси 7 млн 767 миң сом экен. Аны депутаттар керектүү жерлерге, айыл-айылдарга бөлүштүрүп эсептеп чыктык”.
Айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчы Абибилла Мадраимов бюджетти көтөрүү үчүн мамлекеттик стратегиялык планга жараша салык төлөөчү өндүрүштүк ишканаларды куруу керектигин билдирди.
“Бюджеттин акчасы негизинен социалдык тармактардын коммуналдык чыгымдарына жана айыл тургундарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатына бөлүштүрүлөт”.
Жергиликтүү кеңештин бюджет жана финансы боюнча комиссиясынын төрагасы Мурасбек Кубанычбек уулунун билдирүүсүндө өкмөттүн бюджети ар дайым депутаттар тарабынан кайсы багыттарга, эмнеге иштетилгендиги боюнча көзөмөлдөнүп турат.
“Кайсыл тендерлер утту, сапаттуу материалдар менен курулуп жатабы, канча сумма бөлүндү, кайсыл жумуштар бүттү, кайсылары учурда жүрүп жаткандыгынын бардыгы депутаттардын көзөмөлүндө турат”.
Ал эми Куу-Майдан айылынын тургуну Гүлсара Козуева өкмөттүн бюджетинин абалы илгертен эле начар болуп келген дейт.
“Бизде киреше алып келе турган эч кандай фабрика, ишканалар жок. Ишкана ачам дегендерге өкмөт жардамын аябаш керек, себеби ошолордун эсебинен бюджетти көтөрсө болот. Дагы бир айта кетчү нерсе бул болгон акчаны туура колдонсо ал деле көп нерсеге жетиши мүмкүн. Алардын эмнеге бөлүнүп, эмнеге иштетилип жаткандыгы жөнүндө бизде эч кандай маалымат жок. Жолугушууларды өткөрүп, бул туурасында да маалымат берип турушса жакшы болмок”-деп билдирди айыл тургуну Гүлсара Козуева.
Арбын айылынын тургуну Саламат Аширбекова бюджеттин акчалары тууралуу элдин маалыматы жок дейт.
“Бюджеттин акчалары каяка иштелип жатат, эмне кылып жатышат элдин кабары жок. Бюджеттен бөлүнгөн акчаны деле депутаттар кылышты, депутаттар акча бөлдүрүштү дешет. Жаңы көчөлөргө кум төгүлгөнүн уктум, андан башка эмне кылышты билбейбиз деле…”
Аймончок Кожонова