Чоң Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Сулайманов азыркы учурда айыл аймакта иштеп жаткан долбоорлор тууралуу түз эфирде маалымат берди. Бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фонду тарабынан колдоого алынган.

Мектептер, бала бакчалар долбоордун негизинде ремонттолуп элдин керегине берилгенин маалымдады. Келечекте элдердин талабына ылайык долбоорлор менен иштешип, көйгөйлөрдү чечип иш жүргүзүү керек экенин белгиледи.
Даярдаган: Гульзат Байгазинова