Адамзат үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө мүнөздүү нарк-касиетти жанаалардын тең жана ажырагыс укуктары эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана жалпы тынчтыктын негизи болуп саналат. Адам укуктарын этибарга албоо жана жек көрүү адамзаттын абийирин жийиркенткен жырткычтык актыларга алып келгендигин билебиз.
Адам акыркы арга катары зомбулукка жана эзүүгө каршы көтөрүлүп чыгууга аргасыз болбошун камсыз кылуу максатында адам укугу анын ичинде эркектердин жана аялдардын мыйзам күчүменен корголушу зарыл экендигин көңүлгө алышыбыз керек.
Суусамыр айылында аялдардын жана эркектердин укуктарын жүзөгө ашырууда кандай көйгөйлөр бар, жергиликтүү кеңеште ушул маанидеги маселелер талкууланабы деген суроо менен Суусамыр жергиликтүү кеңешинин төрагасы Нурдасан Кулматовго кайрылдык:
«Албетте мындай маселелер айыл жеринде бар, жок деп айтпайм жана жергиликтүү кеңеште талкууланат. Андай учурда тиешелүү органдар (аксакалдар соту, соц.комитет) ишти карайт. Ал эми жергиликтүү кеңеште мисалы аялдардын жана эркектердин жумушсуздугу боюнча маселе бар. Андан тышкары, бала бакча ачуу, эркектер үчүн “Агротех” компания деген завод ачалы, жумуш орунун түзөлү деген сыяктуу иштер планда бар.
Айыл өкмөтү, бул ишти жүзөгө ашырууда кандай иштерди жасайт, мыйзам боюнча жасалган иш-чаралар тууралуу Суусамыр айыл өкмөтү Урмат Отунчиев жооп берди:
«Бул маселе тууралуу биз айыл башчылар жана мектеп директорлору менен иш алып барабыз. Эгер бала мектепке себепсиз келбей, көйгөйлөр болуп жатса демек анын үйүндө, зордук-зомбулук же башка маселе бар, мына ушуну мектеп директорлору көзөмөлдөйт. Ал эми айылдарда айыл башчылар, соц.адистер иш алып барат. Бизде зордук-зомбулук деген кудайга шүгүр болбойт, болгону эки үч үй-бүлө каттоодо, бирок аларда да азыркы учурда баары жайында. Жергиликтүү мамлекеттик органдарында да тең укуктуулук сакталган.»
Айыл өкмөттөр жана жергиликтүү кеңештер тең укуктуу сактоого жана идеяны жайылтууга жасаган иштери канааттандырабы, бул тема боюнча аткарылган иштер жетиштүүбү деген суроого жооп издеп, «Аялдарды колдоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бакен Досалиеванын оюн уктук:
«Бардык эле айыл өкмөттөр аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун ишке ашырууда жакшы иш-аракеттерди жургүзүп жатат деп айтуудан алысмын. Биз Кыргыз Республикасынын жер-жерлерин кыдырып иш-алып барабыз, ошондо бир эки гана айыл өкмөттөрдүн өнүгүү стратегиясына гендер саясатын киргизип, жасап жаткан анча-мынча аракеттери бар. Бул айыл окмөт жетекчисинин компетенциясына жана саясат эркиндигине байланыштуу болот экен.»
Суусамыр өрөөнүндөгү активист айым Аида Медетбек кызы жергиликтүү кеңешке талапкер. Ал аталган маселени ишке ашыруу үчүн жасалган тегерек стол, акция иштеринде Суусамыр айыл өкмөтү чоң жардам кылып, колдоо көрсөтөт дейт:
“Суусамыр өрөөнүндө аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугун ишке ашырууда айыл өкмөттүн тийгизген таасири, жардамы өтө зор. Дегеним, мындан 3-4 жыл мурун жергиликтүү кеңешти шайлоодо, айыл өкмөт өзү чуркап бир топ аял талапкерлерди өзү көрсөткөн. Ушул тематикадагаы иш-чараларды өткөрүүдө залды уюштуруп берип, өзү да катышып турат.”
Гендер саясатын ишке ашыруу үчүн эмне кылыш керек деген суроого эксперт Бакен Досалиеванын оюн сунуштайбыз:
“Бул тең укуктуулук ошол аял-эркектин жашоо турушу, балдары, ден-соолугу, билимине байланыштуу маселелер. Эгер айыл өкмөтү бала-бакча ишин уюштуруп ачып берсе, аялдардын ишкерлигин өнүктүрүүгө аракттерди жүргүзсө, айыл техникаларын алууга мүмкүнчүлүк түзүп берсе, шайлоо учурунда аялдарды шайлоого толук түрдө катышуусуна шарт түзүп, аксакалдар соту, аялдар жана жаштар комитети менен тиешелүү темаларда иш-алып барып жаткан болот. ”
Уктуруубузду жыйынтыктап, жатып адам укугу мыйзам күчү менен корголушу зарыл экендигин айтабыз. Бул баарыбыз үчүн маанилүү.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы