Бакыян айыл өкмөтүндөгү тамчы булак айылында ФАП салынууда.

Дүйнөлүк банк жана АРИС уюмунун негизинде салынып жаткан бул долбоордун жалпы суммасы 2 988 582.95 сом.

Айыл өкмөттүн салымы 200 000
Бул долбоордун өзгөчөлүгү 4 областтын (Ысык көл,Нарын,Чүй,Талас) өкүлдөрү катышкан конкурста Бакыян айыл өкмөтү эң жогорку баллдык көрсөткүчкө ээ болуп бул ФАПтын курулуусу биздин айылда башталды.Жакынкы убакта расмий түрдө ачылышы болот.

2020-жылдын Август айында башталган иш,бүгүнкү күндө бардык шарты менен ишке кирүү алдында турат.