Учурда көк бөрү оюну жаштар арасында кызыгуу жаратып белгилүү болууда. Ар кандай майрам, тойлордо айылдыктар үчүн улак уюштурулуп ага катышуучулар дагы көп болот. Деген менен оюн убагында жаракат алып ден-соолугуна зыян алып келген учурлар кездешип жатат. Эмнеден улам мындай маселе жаралууда, оюн учурунда эмнелерди эске алып, кандай эрежелерди сактоо зарыл?
Оюн учурунда акыреги сынып, жаракат алып келгендер көп болот. Баш сөөгү чайкалып келгендер дагы арбын. Тай казанды сүзүп алып, аттан жыгылып, атаандашы тарабынан сокку алышы мүмкүн. Ошондой эле бут сынган учурлар бар. Деги эле денесинин ар кайсы жерлерине жаракат алып калышат. Негизинен кыргыздын улуттук оюндарынын бири болгон ат үстүндө таза абада өткөрүлүүчү бул оюндун артыкчылыктары көп. Ошол эле учурда ден соолуукка көңүл буруп аяр ойноого чакырабыз. Өзгөчө бул оюнду сөөгү ката элек жаш балдар ойногонго сунушталбайт.
Биз улакчыларга кайрылып жаракат алып калууларынын себептерин сураганыбызда мындай жоопторду беришти. Ошондой эле оюн учурунда өзүн кандай алып жүрүү керектигин кошумчалашты. Жаштардын ар кандай жаракаттарды алып калуусунун себеби оюн учурунда өтө эле эмоцияга берилип кетип жатышканында. Оюнга берилип өздөрүн башкара албай акыл эс менен көзөмөлдөй албай жатышат. Азыркы көк бөрү сүйүүчүлөр атагы чыккан оюнчулардын ойногонун көрүп аларды туураганды жакшы көрүшөт. Мисалы, ошол эле тай казанга кошо түшүп кеткенди туурап жатышып жаракат алган учурлары көп. Ал эми белгилүү улакчылар казанга кандай түшүү керектигин билишет.
Азыр региондордо ар кандай жакшылык тойлор болсо бата алууда жаштар арасында улак уюштурулат. Эми ал оюнду күчтүү, эрежелерди жакшы билген калыс алып барганда ар кандай жаракат алуулар аз болуп, оюн жакшы өтөт. Бул жерде калыстын ролу чоң. Ал эреже бузгандарды катуу жазалап өтө эле одоно эрежелерди бузуп жаткан болсо керек болсо оюндан четтетип койсо дагы жакшы. Ошондо ыкка келет мындан аркы оюндарда андай эрежелерди бузуу азаят.
Оюн учурунда атка сүйрөлүп калышып жаракат алгандар көп кездешет. Анын себеби үзөңгүнү туура тандабагандан улам келип чыгат. Көк бөрү оюнунда үзөңгү оор болгону жакшы ошондой эле бут салган жери жылтырак болуп бут сыйгаланып кеткендей болуш керек. Үзөнгү кең болуп, бутту кыспай турганы жакшы. Кокустан жыгылып кете турган болсо тар үзөңгүдөн бут чыкпай калат. Ошондой эле, өтүк кийип жатканда дагы кадимки желим баштык кийип алса буттун үзөңгүдөн сыйгаланып чыгып кетүүсү тез болот. Демек, болушунча үзөңгүнү оор, кең тандап жыгылып кеткен учурда атка сүйрөлүп калбоону эске алуу зарыл.
Республика боюнча өткөрүлгөн турнирлерде жаракат алуу дээрлик кездешпейт. Себеби оюн аянтында 6 калыс болот бардык эрежелер сактоо, көзөмөлдөө мүмкүн. Ал эми аймактарда бул маселе жөнгө салынбай келет. Мындан улам көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков аймактарга кураторлорду дайындап жатышканын билдирди:
“Биз региондорго жетекчи, кураторлорду даярдап жатабыз. Оюн уюштурууну каалагандар аларга кайрылып көзөмөлдөп берүүнү суранса алар жок дебейт. Эми ар кандай жаракат алуулардан арылуу үчүн алгач ар бир улакчы өз коопсуздугуна көңүл буруусу керек. Ошондой эле ар бир айыл өкмөтү, райондордо улак өткөзгөнгө ылайыктуу талаа болгону жакшы.”
Көк бөрү жаштардын эң сүйүктүү оюнуна айланууда
Жазгы себүүгө топуракты кантип даярдоо керек?
Жигердүү жаштар: “Ак-Моюн Жаштары”
Айгерим Кубатбекова