Топуракты дүйнө жүзүнүн негизги байлыгы деп аташат, анткени анда адамзаттын тамак-аш азыктарынын 90% жакыны өндүрүлөт. Учурда мурдагыдай жерлер (кысыр) айдалбай калбастан, дээрлик көпчүлүк жер иштетилет. Эми ага туура кам көрүлүп иштетилген болсо түшүм дагы жакшы берери анык. Бүгүн биз кантип жазгы арпа, буудай себүүгө топуракты даярдоо керектигин айтып беребиз.
Жазында топуракта нымдын запасы топтолот. Терең казуу иштери күз мезгилинде жүргүзүлгөнү жакшы. Жазында болсо топуракты жумшартып, тырмап себүү иштерин жүргүзүү зарыл. Топурак канчалык жумшак болсо, тамырдын өсүшү жана өнүгүшү үчүн ошончолук жакшы болот. Ошондой эле топурактын жумшак болушуна андагы органикалык өсүмдүк калдыктардын болгондугу түздөн-түз таасир берет.
Учурда республиканын дээрлик бардык айыл чарба зоналарында гумустун курамы азайып, жердин күрдүүлүгү төмөндөн жатат. Бул себептен жерге аяр мамиле жасалып, органикалык жер семирткичтерди пайдалануу сунушталат жана мезгил талабы болуп калды. Ошол себептен сөзсүз түрдө биогумус пайдалануу сунушталат. Алардын нормасы 300 кгдан 3тоннага чейин 1гектар жерге колдонулат.
Жер семирткичтер негизинен эки топко бөлүнөт: органикалык, минералдык. Практика жүзүндө көпчүлүк багбандар жер семирткич катары кыкты дагы пайдаланып жүрүшөт. Органикалык жер семирткичтерге кык, чыла, чым көң, компост ошондой эле бактериялуу жер семирткичтер кирет. Алар негизинен жердин күрдүүлүгүн жогорулатууда натыйжалуу болуп саналат да, ошол эле үй шартында чарбада топтолуп, даярдалат.
Кыкты пайдаланууда адистер жаңы кыкты колдонууну сунушташпайт. Себеби алар ажырай элек органикалык зат болгондуктан зыяндуу кошулмалар ошондой эле отоо чөптөрдүн чыгуусун шарттайт. Ал эми көп жылдык кык чириндилери эффективдүү болуп саналат. Минералдык Жер семирткичтерге азот, фосфор, калий, аки таш, гипс, күл жана микро жер семирткичтер кирет. Булар негизинен химиялык заводдо чыгарылгандыктан өнөр жай жер семирткичтери деп аталат.
Учурда органикалык айыл чарба департаменинде жер семиртүүчү бир катар органикалык заттар бар. Аларды колдонуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүнун сапаты жана түшүмдүүлүгү артат.
Күздүк буудайдын артыкчылыгы
Күз айларында сентябрдын 25ине чейин күздүк буудайлар себилүүсү керек. Себеби жылуу мезгилде ал тамыр алып анын үстүнө сабагы чыгып (көрпө) жапжашыл болуп калыш керек. Суук түшкөндө сабагы үшүп кетет дагы тамыры даяр болуп калып калат. Ал эми жаз келгенде даяр тамыр кышында жетиштүү нымдылуукту алып алгандыктан тез эле буудай өнүп чыгат. Отоо чөптөн мурда, тез эле көтөрүлүп кетет. Кышындагы кардан алган нымдуулук жаз айларындагы жааган жамгырдан улам жакшы түшүм алганга шарт түзүлөт.
Ишкерлерден кеңеш: Иш баштайм деген адам изденсе, мүмкүнчүлүк көп…
Болочоктогу агроном: Кесип тууралуу көп изденим
Табигый азык жасап ишкерлик кылган жаш үй-бүлө
Айылда кандай бизнес ачса болот?
Айгерим Кубатбекова