Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо онлайн өткөрүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директорунун орун басары Чынара Батракеева Жамааттык Медиа студиясында маек куруп жатып билдирди.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директорунун орун басары Чынара Батракеева
— Жалпы республикалык тестирлөө быйыл кандай шартта өткөрүлөт?
— Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүнүн эрежелери боюнча быйыл олуттуу өзгөрүүлөр жок. Бирок, ЖРТга каттоодо өзгөрүү болот. Тактап айтканда, каттоо онлайн түрүндө болот. Буга чейин онлайн эмес, бланк түрүндө өткөрүлүп келген. Азыркы учурда сиздер медиалар ичинен биринчилерден болуп чакырып жатасыздар.
Биз кийинки жумага пресс конференция берүүнү пландаштырып жатканбыз. Учурда райондук билим берүү бөлүмдөрү менен иш жүрүп жатат. Анткени, бул жерде ар бир бүтүрүүчү онлайн каттоодон өзүнүн мектеби аркылуу өтөт. Ал эми мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрү райондук билим берүү бөлүмдөрүндөгү атайын ЖРТ боюнча бекитилген жооптуу адис аркылуу өтүшөт. Быйылкы жылдын бирден бир өзгөчөлүгү – каттоонун онлайн өткөрүлүшү. Ал эми тест боюнча олуттуу деле өзгөрүүлөр жок. Сиздер билгендей, ЖРТ негизги жана предметтик тесттерден турат. Негизги тесттен өтүү Кыргызстандын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандардын бардыгына милдеттүү. Ал эми предметтик тестерди абитуриенттер өздөрүнүн алдыдагы адистиктерине жараша тандап алышат.
— Каттоодо кандай шарттар бар?
— Каттоого катышкандардын басымдуу бөлүгү мектепти бүтүп жаткандар болот. Алар быйылкы жылы аттестат же орто кесипти билим берүү жөнүндө колуна диплом алышат. Ошондой эле, мурда жогорку окуу жайга тапшырып өтпөй калган же жыйынтыгы төмөн болгон айтор, ар түрдүү себептен кайрадан ЖРТны тапшырууну каалагандар тестирлөөгө катыша алат. Эч кандай чектөө жок. Бир гана нерсе, азыркы учурда ЖРТга каттоодон өтөм деген адам студент болбошу керек. Андан башка ЖОЖго тапшырам деген адамдардын бардыгы каттоодон өтө берсе болот.

— ЖРТга каттоо кайсы убакытка чейин болот?
— 26-февралдан башталып, болжол менен 9-апрелге чейин болот. Адатта, каттоого бир айдан ашык мөөнөт берилет. Бизде бүтүрүүчүлөрдүн саны көп. Мисалы, былтыр 43 миңге жакын адам жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Демек, ар бир адам бул бир ай аралыгында ЖРТга катышам же катышпайм деген чечим кабыл алып, катталууга мүмкүнчүлүгү болот.
— Былтыркы жылы карантинге байланыштуу ЖРТны онлайн өткөрүү сунуштары болгон. Бирок, сиздер буга каршы пикирдесиздер…
— Албетте, биз ар тарабыбыздан өнүккөн өлкө болсок, онлайн өткөрүү деле жакшы болмок. Тилекке каршы, онлайн өткөрүүгө мүмкүн болбогон олуттуу себептери бар. Биринчиден, бул техникалык жабдуу. Анткени, региондордо азыр деле интернет байланышы туруктуу эмес. Телефонду көпчүлүгүбүз көтөрүп, ал жеткиликтүү болуп жатканы менен, ноубтук, компьютер, интернет маселеси бар. Ушул байланышты камсыздаган биздин андай борборлор дагы жок. Экинчиден, свет өчүп калган учурлар бар. Аба-ырайынын туруксуздугу дагы жолтоо болот. Мындан тышкары, онлайн тапшырып жатканда балдарды көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат. Ошол учурда компьютердин артында абитуриент өзүбү же мугалимиби же байкеси, эжесиби? Көзөмөлдөө үчүн камера ж.б жабдыктар керек. Тестирлөөнү онлайн өткөрүү үчүн жабдыктары бар, атайын тест борборлорунда уюштурулушу керек. Анын бардыгын жасоо азыр мүмкүн эмес. Эгер тест онлайн өткөрүлө турган болсо, ал мүмкүн болсо, анда кагаздарды сканерден өткөрбөй, бизге дагы жеңилирээк болмок…
— Өзүнүн ордуна башка адамдарды тестке киргизген көрүнүштөр дагы деле барбы?
— Бар, бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыраак. Мурдагы жылга караганда, акыркы беш жылда металдык детектор менен текшерүү, көзөмөлдү күчөтүүнү киргизгенбиз. Бирок, заман өзгөргөн сайын, адамдар дагы ар түрдүү ыкмаларды тапканга аракет кылышат экен. ЖРТ учурунда фотошоп жасап, ар кандай схемаларды ойлоп таап, бирөөнүн ордуна бирөө кирүүгө аракет кылгандар жана кармалгандар бар. Биз укук коргоо органдары болбогондуктан, тесттин эрежелерине ылайык ушул көрүнүштү иликтеп, болтурбоого гана аракет кылып келебиз.

— ЖРТнын жобосун бузуп, кармалгандарга кандай жаза бар?
— Биздин борбор тараптан берил турган жаза, тесттин жыйынтыктары жокко чыгарылат. Андан башка жазаны биз бере албайбыз. Ал эми тест жүрүп жаткан учурда Билим берүү министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен тыгыз кызматташабыз. Ичики иштер министрлигинин өкүлдөрү сөзсүз түрдө ар бир тест борборунда болот. Эгерде, кармалгандар болсо, арыз жазып ИИМдин өкүлдөрүнө ал адамдарды тапшырабыз. Андан кийинки ишти тийиштүү органдар аткарат.
— Негизи тсетирлөөгө кантип даярданса туура болот?
— Бизде ЖРТга даярданууга акысыз китепчелер бар. Ар бир каттоодон өткөн абитуриентке ал китепче берилет. Абитуриент каттоодон өткөндө 370 сом төлөйт, китепче ошол каражаттын чегинде болот. Анда, ЖРТ жөнүндө маалыматтар, тапшырмалар камтылган. Андан тышкары, жыл сайын жаңыртылып чыгарылып жаткан атайын колдонмолор бар. Ал ар бир предметке арналып, кыргыз жана орус тилинде басылып чыгат. Ошол колдонмолор менен даярданса болот. Мындан тышкары, биздин сайтыбыз бар. Анда жүздөн ашык видео сабактар орун алган. Ошол эле видео сабактарды биздин «ЦООМО» деп аталган youtube каналыбыздан таба алышат. Дагы «сынак тест» бар. Бул эл ичинде «сынак тест» деп аталып калганы менен окуучуларды көз-карандысыз баалоо болуп саналат. Андан жалаң гана 11-класстын балдары эмес, 2-класстан тарта бардык окуучулар өтө алат. Ошондой эле биздин сайтта акысыз сынак тесттер бар.
«Илимдеги кыздар» ЖРТга акысыз даярдоо окуусуна катышууда
Тест: бүтүрүүчү ЖРТга туура даярданып жатасызбы?
Касиет Кубанычбек кызы