Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургундарынан түзүлгөн демилгелүү топ мектептеги даараткананы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Алар жаңы окуу жылында айылдагы мектептин дааратканасы жаңырып, балдар ыңгайлуу шартта билим алса деген аракетте. Бул тууралуу демилгелүү топтун координатору Азиза Сакенова kyrgyzmedia.kg айтып берди.
— Азиза айым, кутман күн. Мектеп дааратканасын оңдоо аракети кантип пайда болду?
— Саламатсызбы. Биздин айыл аймакта эки демилге ишке ашып жатат. Алардын бири мектептин дааратканасы. Бул демилгелер айыл тургундарынын ичинен түзүлгөн демилгелүү топтун аракети менен жүзөгө ашууда. Баарыбызга белгилүү болгондой эле, бир гана биздин айыл аймакта эмес, жалпы республика боюнча мектептердеги дааратканалардын абалы абдан жан кейите турган шартта. Бул биздин миңдеген окуучулардын ден-соолугуна залакасын тийгизүү коркунучунда. Мындан улам, биздин демилгелүү топ “жигердүү жарандар” демилгесинин алкагында иш баштадык. Алгач, сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда дагы, көпчүлүк ата-энелер мектептин дааратканасын оңдоп-түзөп берсеңер деген пикирлерин билдирген.
— Өзүңүздүн тажрыйбаңызга токтолсок…
— Ооба. Мен биринчи кезекте ата-энемин. Ал мектепте менин балдарым дагы окуйт. Ата-эне катары мен дагы балдарым татыктуу билим алса экен, мектептин шарттары жакшы болсо экен тилектемин. Көп жерлерге барып көрүп жатабыз. Чет өлкөлүктөр балдарына, алар билим алган шартка маани беришип, аны түзүп дагы берип жатышат. Тилекке каршы, бизде мектеп дааратканалары мышык ыйлай турган абалда.
— Алгач, демилгелүү топ мектептин сыртындагы даараткананы оңдоону пландагансыздар. Бирок, эмнеге ичиндеги даараткананы оңдоо чечимин кабыл алдыңыздар?
— Ооба, мектептин сыртындагы даараткананын абалы абдан жан кейите турган шартта. Кышында тоңот, балдар жыгылат. Окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө дагы, кыздар дааратканага баруудан тартынаарын билдиришкен. Анткени, эшиктери жок. Мындан улам, биз сырттагы даараткананы оңдойлу деп жатканда айыл өкмөт мектеп ичиндеги ремонту толук бүтпөй калган даараткананы айтып, багытыңарды ошого бурсаңар деген сунушун билдирди. Жалпы чогулушта айыл өкмөт, ата-энелер болуп ичиндеги даараткананы оңдоо чечимин кабыл алдык.
— Демилгелүү топтун аракети менен мектеп ичиндеги даараткананын эмнелерди өзгөртүлдү?
— Ичиндеги даараткана 11 жыл мурун кайсы бир банктын колдоосу менен жасалыптыр. Тилекке каршы, башталган иш аягына чыкпай, ал окуучулар жана мугалимдердин колдонуусуна берилген эмес. Балдар сырткы дааратканага барчу. Ал болсо кышында тоңуп, күн жылыган мезгилде жагымсыз жыт чыгарып турчу. Ичиндеги дааратканын жасалышы дагы жогоруда белгилегендей толук бүтпөй, эшиктери сапатсыз болгондуктан сынып, ичиндегилердин баары таланып, кээ бир пластик буюмдар күнгө какталып тургандыктан жараксыз абалга келген экен. Аларды чыгарып жатканда эле сынып жатты. Суунун тартылышы начар болгондуктан, “жигердүү жарандар” долбоору насос алып беришти. Суу жылыткыч коюлду. 6 даараткана окуучулар үчүн, 2 даараткана мугалимдер үчүн жасалды. Ар биринде экиден кол жуучу жайлар ысык, муздак суусу менен орнотулду. Мурдагы эшиги жаңы пластик эшикке алмаштырылды.
— Демилгелүү топтун курамында кимдер бар?
— Биздин демилгелүү топтун курамында ата-энелер, мугалимдер, айыл активисттери, катардагы айыл тургундары болуп ондон ашык адам бар. Алардын көпчүлүгү аялдар. Алдыңкы күндөрү биз дагы өз аракетибиздин үзүрүн көрөбүз деген ниетте турабыз. Бул жылы 15-сентбярдан тарта окуу башталат эмеспи. Бул күнү биз дагы даараткананын ачылышын кылабыз.
— Сиздердин аракетти айыл өкмөт, айыл тургундары кандай кабыл алды?
— Жергиликтүү тургундар айыл өкмөткө барып, өзүбүздүн көйгөйдү айтып-сунуштап бербесек, биздин көйгөй унутула берет. Ал эми биз болсо, өзүбүздүн көйгөйдү гана айтпай, аны чечүү жолун дагы пландап барганда айыл өкмөтүбүз бизди кулачын жайып тосуп алып, колдоду. Биз аларга барып, “силер милдеттүүсүңөр” деп кыйкырган жокпуз. Көйгөйдү көрсөтүп, аны чечүү жолдорун дагы айтып сүйлөштүк. Ал эми айылдаштарыбыз социалдык тармактарда, жолукканда колдоо сөздөрүн айтып, ыраазычылыгын билдирип жатат. Бирок, алардын арасында “ай силер кыла албайсыңар” деген пессимисттери дагы жок эмес.
Касиет Кубанычбек кызы
Баланы жаңы окуу жылына кантип даярдоо керек? Кийим жана окуу куралдарынан тышкары…