Токтоян айылынын тургуну Талант Асанбаев коёндорду багып, алардын этин дары катарында пайдаланууда. Анын бул иш менен алектенип жатканына аз убакыт болсо да, ал коён багуунун сырын жакшы өздөштүргөнүн айтат.
Учурда да бул иш менен алектенип жатат. Коёндун этинин даарылык касиети бар экендигин угуп, бул иш менен алектенип калгандыгын Талант Асанбаев өз сөзүндө белгиледи.
“Мен башында жөн гана балама эрмек катары коён сатып алгам. Кийин бул жандыктын көптөгөн дарылык касиети бар экендигин угуп, коёндорду бага баштадым. Бул коёндорду багуу мага оңойго турган жок. Себеби бул жаныбардын түрү абдан соргок келгендиктен, тамактын кайсыл түрүн берүүнү билбедим. Коёндор кемирүүчү жаныбарга киргендиктен, башында көбү жыгачтан жасалган капастпарды кемирип, качып кеткен учурлар да болду”, — деп токтолду Асанбаев.

Айыл тургуну жана Асанбаевдин жакын досу Азамат Шайкинаев коёндордун дарылык касиети туурасында төмөндөгүчө айтып берди.
“Коёндорду багуу абдан кызыктуу иш экен, аларды карап өзүмчө ырахат алам. Мен досума алардын капасын жасоого жардам берип турам. Учурда мен да коён багууга кызыгып жатам. Ал эми дарылык касиети жөнүндө айтсам, суук тийгенде, бөйрөктө таш пайда болгондо, коёндун этин тузсуз сууга бышырып жегенде пайдалуу келет”, -деди Шайкинаев.
Даярдагандар: Темирлан Кыдыров, Садыров Нурлан
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн