Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинин окууучулары маданиятка, тарыхка жана тилге байланыштуу кече, тарбиялык сааттарды өткөрүшүүдө. Бүгүн 6-класстын уюштуруусундагы “Тил улуттун тагдыры” аттуу тарбиялык саат өтүлдү.

Ахмет Шайыков 6-классынын окуучусу. Ал тарбиялык саатта белгилүү адамдардын, жазуучулардын образын чагылдырып беришкендиги тууралуу айтып берди.

“Биздин класс бул тарбиялык саатта белгилүү акындардын, жазуучулардын образын чагылдырып бердик. Мен Касым Тыныстановдун тил жагына байланыштуу кылган иш-аракеттерин чагылдырып бердим”, — деди Шайыков.

Чыңгыз Айтматовдун образын чагылдырган Бегзат Нускадинов өз ою менен мындайча бөлүштү.
«Биз Кыргыз тили тууралуу тарбиялык саат өтүп жаткандыктан, бул сабакта Чыңгыз Айматов, Касым Тыныстанов, Курманжан Датка сыяктуу чыгаан инсандардын кыргыз тилине кошкон салымдары тууралуу образын чаагылдырып берүүгө аракеттендик. Мен Чыңгыз Айтматовдун тил маселесин көтөрүп чыккандыгы тууралуу аткардым”, — деп өз ою менен бөлүштү ал.

Даярдаган: Темирлан Кыдыров
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн