Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде 1-класстар Ак-Тилек уюмунун “Сейтек» баскычынын мүчөсү катары кабыл алынды. Алар өз анттарын берүү менен бул уюмга мүчө болуп калышты.
Ак-Тилек уюмунун мектепте түзүлгөнүнө көп убакыт болгон.
Мектеп окуучусу жана парламенти Наргиза Орозгулова бул кабыл алуу тууралуу кененирээк айтып берди.
“Ашырбай Коёнкөзов мектебинин окуучулары Ак-Тилек уюмуна мүчөбүз. Бул уюмда кадимки президент жана министрлер шайланган. Мына биздин уюмга 1-класстын окуучулары да мүчө болуп калышты. Бул уюм 1-4-класска чейинкилер «Сейтек», 5-8-класска чейинкилер «Семетей» жана 9-11-класска чейин «Манас» болуп үч баскычтан турат”, — деп билдирди мектеп парламенти.

Ак-Тилек уюмуна мүчө болуп кирип жаткан 1-классынын окуучулар мектеп эрежесине баш ийүүгө, татыктуу билим алууга, мугалимдин сөзун угууга жана дагы ушул сыктуу убадаларды беришти. Алар бул уюмга мүчө болгондугуна абдан кубанып
жатышты.
Даярдаган: Темирлан Кыдыров
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн