Динара Нурманбетова Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну, ал учурда эпоксиддик чыйырдан ар кандай идиштерди жасап жаткан айылдагы биринчи айым. Бул жумушту баштаганына аз гана убакыт болсода чыйырдан ар кандай идиштерди жасап заказ алып сатып жаткан учуру. Ишкер айым 4 баланы тарбиялап өстүрүп жаткан учуру. Анын айтымында элетте келиндер бала менен алек болуп көп учуруда үйдөн чыга албай калышат. Ал эми каарманыбыз үйдө отурган жага бербегендиктен өз алдынча жумуш жасоону эңсеген.
«Уйдо отуруп калдым бала менен, бош убактым болгонуна байланыштуу, курстарга катышып идиш аяк жасап коройун деп чечтим, идиш аяк керек экен ар бир үйгө, интернеттен коруп жүрдүм биринчи, көрүп анан аябай кызыгып ушуну кантип үйрөнсөм экен деп издеп жүрүп, группадан курска кабыл алабыз деп калганынан курска катыштым, 15 күн окудум, 15 күндүн ичинде изденип формаларын издеп интернеттен таап куюп көрөйүн деп, куюп көрсөм окшошту, ошентип азыр үйрөнүп калдым».
Эпоксиддик чыйырдан ар кандай идиштерди жасаса болот
Динаранын идиштери базардагы идиштерден сапаты жагынанда баасы жагынан да айырмаланат.
«Базардагы идиштерден айырмасы бул сынбайт, сынбаган жери жакшы, чөнтөккө да акчасы арзанырак болот экен ошол жагынан да пайдасы бар».
Баарына эле кызыктуусу баасы болсо керек, баасын сурап коргондо төмөнкүлөргө токтолду:
«Бул идиштердин куюлмасы (смала) 1 кг 1500 сом экен Кыргызстанда андан сырткары фурнитаралары куйган формалары кымбат болгонуна байланыштуу этажерканы 1500дон деп жатам ал эми тарелкаларды 150-200 деп жатам».
Эпоксиддик чыйырдан жасалган идиштер
Жасоо жолдору менен да кыскача түшүндүрүп берди:
«Тарелкалардын бул жидкий смаласы (чыйыр) болот ага катуулаткыч (отвердитель) кошулат андан бир суяктук пайда болот аны болсо формага куясын, куялган идиштер 10-12 саатта катыйт толук катыбайт пластилин абалга келет ошол учурда анан дагы формага саласын, ийип фурнитурасын орнотосун, 72 саатта толук катып бүтөт».
Ишкер айым андан сырткары өз алдынча самын жасаганды да үйрөнүп биринчи самынды чыгарып көргөн, самын ойдогудай иштеткенге жарамдуу болуп чыккан.
«Самынды кантип жасасам экен деп издеп жүрүп самын курсун таап алдым ошону да үйрөнүп жасап көрдүм, үйгө иштетем деп жасап көрсөм окшошту. Базардагы *Роза* самындын рецептин таап жасадым, өзүм колдонуп жакшы экенине ишенимдуу болдум. Жасап сатса да болчудай сонун самын чыкты».
Үй шартында жасалган самын
Динара Нурманбетова бул менен эле чектелбестен билген өнөрүн башкаларга да үйрөтүүнү ойлоп журот. Жетиштуу деңгээлде үйрөнгөндөн кийин идиш-аяктарды, самынды жасоо курсун ачсам деген максаты бар.
«Статустарыма койдум эле жасагандарымы көрүшүп, үйрөтүңүзчү деп заказдар чыгып атат. Курс ачып уйроном дегендерге үйрөтөйүн деп жатам, самын жасоону, идиш аяк жасаганды».
Динара Нурманбетова
Ишкердин алдыга койгон максаттары бийик. Учурда анын эмгектерин интернеттен көргөндөр кызыгуу артып, окуп үйрөнүүнү каалап жатканын билдирүүдө.
Хусейин Курсантбек уулу