Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында коронавируска каршы эмөөдөн өткөндөрдү саны 78% жетти. Айыл тургундарынын каалоосуна жараша эмдөөнүн 3 түрү жүргүзүлүүдө. Алар Синофарм, Астразенека жана Файзер вакциналары.
Бул вакциналардын бири-бири менен эмнеси менен айырмаланат?
Синофарм
Бул вакцинада оору пайда кылуучу же химиялык реагенттер, жылуулук же радиациянын жардамы менен жансыздандыруучу микроорганизмдерге окшош болгон бактериялар пайдаланылат.
Астра Зенека, Файзер
Вакцинанын ушул түрүндө тиешелүү микроорганизмдин спецификалык субэлементтерин жеткирүүчү коопсуз вирус пайдаланылат, анын жардамы менен вакцина ооруларды чакырбастан иммундук жооптуу активдештирүүгө жөндөмдүү.
Айыл элинин көпчүлүгү Синофарм вакцинасын алышууда. Ооруканага да Синофарм вакцинасы үзгүлтүксүз алынып келүүдө. Эгерде адамдар Синофарм эмес, башка түрүн алууну кааласа, атайын буйрутма менен алдырып келүүгө мүмкүн экендигин айтты медайым Гүлжан Акматова.
Айыл тургундарына эмдөө жүргүзүүнүн алдында медайымдар атайын медициналык байкоодон өткөрүшөт. Кары адамдарга кант диабети, кан басымынын бир калыпта болушуна жана ошондой башка вирустук оорулары жоктугуна каралып, эмдөөлөр жасалат.
Азыркы учурда айыл жергесинде сезондук сасык тумоого чалдыккандар көп болууда. Тобокел тобундагы адамдар жана балдар менен иштешкен мугалимдер сасык тумоого каршы эмдөөдөн биринчи кезекте өтүшкөн.
Сонун Асаналиева — башталгыч класстын мугалими
«Мен сасык тумоого каршы Гриппол вакцинасын 4 жылдан бери алып жүрөм. Вакцина алганда сезондук сасык тумоо учурунда өзүмдү жеңил алып жүрөм, сасык тумоо менен ооруп калган учурлар аз кездешет. Эгерде кандай бир себептер менен жугуп калса, оору жеңил эле өтүп кетет»,-дейт Сонун Асаналиева.
Таалайкүл Серкебаева
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин англис тили сабагынын мугалими Таалайкүл Серкебаева былтыркы жылы Гриппол вакцинасын алып, сасык тумоо менен оорубагынын айтты. Азыркы учурда ден соолугуна байланыштуу эмдөөдөн өтө элек, бирок медайымдардын кеңеши менен убагы келсе сасык тумоого каршы вакцина ала тургандыгын билдирди.
Акылай Алмазбекова