Коронавирустун эпидемиологиялык толкунун кантип токтотуу керек? Окумуштуулардын айтуусу боюнча “муну токтотууга болбойт азыраак жоготуулар менен гана бул эпидемиядан чыкса болот. Чыгуунун жолу — бул эмдөө. Медицина мындан башка жолду ойлоп таба элек”, – дешет медицина кызматкерлери.
Мамлекетте коронавирус эпидемиясы күчөп турган убакта жаш балдардын ден соолугу, саламаттыгы тууралуу Жайыл районунун Кара-Суу айылынын фельдшери Венера Турсуналиевага, Кара-Суу орто мектебини директору Калбүбү Азаркулова жана “Ботокөз булак” бала бакчасынын жетекчиси Айша Бекматовага кайрылдык.
“Ушул күнгө карата айылдагы балдардын саламаттыгы жакшы. Мектепте жана бакчада тарбияланган балдардын ден соолугуна мугалимдер жана тарбиячылар тарабынан так көзөмөл жүргүзүлүп турат. Күнүгө эртең менен окуучулардын температурасы текшерилип, оорулуулар болсо ФАПка жөнөтүлөт. Ал эми бакчадагы балдардын ден соолугун өзүм күнүгө текшерип турам. Азыркы убакта балдар көп оорушкан жок. Айта кетсем, 18-90 жашка чейинки айыл тургундарынын 50% ы коронавируска каршы эмдөө алышкан”, — дейт айылдын фельдшери.
“Кара-Суу орто мектебинде жүздөн ашык окуучу окуп жатат. Балдардын ден соолугу жакшы. Кээде 2,3 окуучу эле мектепке келбей калбаса, негизинен сабакка катышуунун дэңгээли жакшы. Күнүгө эртең менен окуучулардын дене табы текшерилип, дезинфекцияланып, сабакка киришет. Мектептеги санитардык-гигиеналык абал жакшы. Мектептеги туалет, жуунгучтардын бардыгы иштейт. Мектеп администрациясы бардыгын көзөмөлдөп турат”- дейт мектеп директору.
“Азыр “Ботокөз булак” бакчасында эки группа иштеп жатат. Орто группада 22 бала, ал эми кичи группада 16 бала тарбияланып жатат. Ооругандар жок. Күнүгө эртең менен бакчага келген балдар медайым тарабынан текшерилип турат. Дезинфекция күнүгө жүрүп турат. Бакчадагы жуунгучтар, даараткана иштейт, дайыма таза, дезинфекцияланган”, — деп айтты бакчанын башчысы.
Негизинен Кара-Суу айылынын жаш балдарынын саламаттыгы жакшы. Мектеп администрациясынын, “Ботокөз булак” бакчасынын кызматкерлери тарабынан жана айылдын фельдшери тарабынан көзөмөлгө алынып, жаш балдардын арасында коронавируска чалдыккандар жокко эсе.
Султаналы Чакчагаев