Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Шалтаева Айнек апа атындагы оорукананын медайым Гулжан Акматова билдирди.
Азыркы учурда Казан-Куйган, Оттук айылдарында коронавирус менен катталгандар жок. Бирок, сезондук сасык тумоо күч алган учур. Күнүнө ооруканага сасык тумоо оорусу менен кайрылгандардын саны 4-5 адамды түзөт, алардын ичинен 1-2 жаш балдар. Оорукананын күндүзгү стационарында оор акыбалдагы адамдар дарылоо режимине ылайык жаткырылып турат.
Тобокел тобундагы адамдар дайыма медайымдардын козөмөлүндө турушат
Гүлжан Акматова
«Учурда айыл элинин 78% коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Элдер өзүнүн ден соолуктарына карап, сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөндөр да бар. Бизге 49 Гриппол вакцинасы алынып келген, азыркы учурда 49 адам тең эмдөөдөн өткөндөр. Каалоочулар болсо дагы алып келебиз.
Айылыбызда эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус менен катталган учурлар болуп калса, ал үй-бүлөөсү менен изоляцияга алынаары баарына маалым. Ошондуктан айыл эли биз менен тыгыз байланышта болушууда. Эгерде өзүлөрүндө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп жатса, дароо бизге кайрылышат»,- дейт Гүлжан Акматова.
Акылай Алмазбекова