Кулатов айылында Covid-19 оорусу абал туруктуу. Эмдөө жүргүзүлүп жатат. Айылда пневмония менен ооругандар көп болду. Азыркы учурда грипп оорусу жүрүп жатат.
2021-жылдагы Кызыл-Булак айылындагы Covid-19 боюнча статистика:
Катталган учурлар-2,8%
Каза болгон учурлар-1,5%
Айыгып кеткен учурлар-97,3%
Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасынын улуу медайымы Минажат Сабырова:
«Азыркы учурда Covid-19 оорусу боюнча абал туруктуу. Айылда грипп оорусу менен ооругандар көбөйдү. 2021-жылы ковид оорусу менен ооруган адамдарга караганда пневмония менен ооругандар көп болду. Ооруп кайрылгандардын саны 150гө жакын. Алардын 100дөн 0-14жаштагы өспүрүмдөр. Чоң адамдарга салыштырмалуу жаш балдардын оорусу татаал. Себеби алар бир күн ичинде өзгөрүп турат. Алардын ар бирин кылдаттык менен кароого аракет жасадык өлүм учурлары катталган жок. Алыбыз жетпей калгандарын оору күчөп оорлошо баштаганда Ноокатка даарыланганга жөнөтүп жаттык.»
Омикрон штаммынын сактануу жолдору:
1. Санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо.
2. Антисептиктерди такай колдонуу.
3. Маска кийүү режимин сактоо.
4. Эл көп чогулган жерлерден оолак болуу.
5. Эпидемиялык абал турукташмайынча чет жакка чыкпоо.
6. Вакцинация алуу.
7. Омикрон-штаммынан сактануунун дагы бир жолу — коронавируска каршы вакцинанын күчөтүүчү дозасын алуу дейт америкалык окумуштуу Энтони Фаучи.
Чынара Көчкөнбаева