Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Мирлан Абдыжакыпов ат жабдыктарын жасап келет. Учурда ал кыргыз ээрлерин жасоо менен алек болууда.
Бул ээрлерди жасоого 10-15 күн талап кылынып, сапатына жараша сатылаарын айтат Мирлан уста. Бул өнөрдү ал чоң атасынан үйрөнгөн.

“Мен кол өнөрчүлүккө кичине кезимден кызыкчумун. Чоң атам да кол өнөрчүлүк менен алектенген киши болгон, мен чоң атаман үйрөнгөм. Буга чейин да ат жабдыктарын: камчы, орус ээрин жасагам. Ал эми учурда кыргыз ээрин жасоо менен алекмин. Бир ээрди толугу менен жабдып, жасоого 10-15 күн талап кылынып, отуз миңдин тегерегиндеги акчага сата алам. Жана жасалыш сапатына да жараша баалары болот”, — деп айтты Мирлан Абдыжакыпов.
Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн